КР ӨКМнин “Сел жана суу ташкындарынан коргоо”  мамлекеттик агенттиги мамлекеттик бош кызмат ордунга сынак жарыялайт

0
229 просмотров

КР ӨКМнин “Сел жана суу ташкындарынан коргоо”  мамлекеттик агенттигинин Ош облустук “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” бөлүмү мамлекеттик бош кызмат ордунга сынак жарыялайт:

Башкы адис (бухгалтер)

1.Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: экономика, каржы, бухгалтерский учет жана аудит, банк боюнча иштери; менеджмент

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

—  жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:

— Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун: 23.01.2008-ж. №22 “КРнын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө”; 01.03.2017-жылдын №131 “КРнын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө”; СНиП IV-5-82 , гл.5, КР Госстрой (РДС-12-04:2007, Гл.3, п 3.1-3.15), Госстрой НИР-200, Баалардын прейскуранты №1 тиркемеси.

— КРнын Финансы министрлигинин 29.06.2017-ж №97-п “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругун.

3.2. Билгичтиги:

“1С-бухгалтерия” программасын билүү

— компьютер билүүсү (Word, Excel, Internet,)

— жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

3.3.Көндүмдөрү:

— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу.

Административдик мамлекеттик бош кызмат орунун же административдик муниципалдык бош кызмат орунун ээлөөгө конкурска катышуу үчүн  төмөндөгү документтер керектелет.

   — жазуу жүзүндөгү арыз;

— кызматчы өзү толтурган жана кол койгон, фотосүрөтү тиркелген, белгиленген формадагы кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракча;

— резюме;

— өмүр баян;

— кесиптик билими жөнүндө документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;

— паспорттун көчүрмөсү;

— эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

— аскердик эсепке алуу документинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (аскерге милдеттүүлөр жана аскердик кызматка чакырылуучу адамдар үчүн);

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумуш күнүнө чейин саат 17-00 кабыл алынат.

Дареги: Ош шаары Муминова көчөсү 11, ӨКМнин имаратынын 1-кабаты Ош облустук “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” бөлүмү   20 кабинет. тел: 03222-27150.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here