2019-жылдын 8-апрели саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
40 просмотров

 Шашылыш билдирүү!

          2019-жылдын 8-апрелинде Талас облусунун дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында 0…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактардын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч келтирет.

         2019-жылдын 8-апрелинде жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 132-135-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 222-246-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 72-74-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 76-92-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүүсү күтүлөт, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

         Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2019-жылдын 3-апрель күнү КР ӨКМнин телефонограммасы чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген. Мындан сырткары ККжМЖМКС (ОКСИОН) аркылуу телеканалдардан тиешелүү маалыматтар жиберилген.

         2019-жылдын 7-апрели саат 08:00дон 8-апрель саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТ

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 1 өрт кырсыгы катталып,

өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Нарын облусу
1.

 

47-ӨКБ

1 б

1 22:40 23:30 23:38 00:00 01:05  

 

Ак-Талаа району. Баетов айылы, Чодура-Гоо жер тилкеси. Турак үйдүн 6 чарчы метр ички жасалгасы күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби: электр зымдарынын кыска чыңалууусу. 1ствА

1ствБ

КР ӨКМнин Куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болгон:

  Чүй облусу

 Ысык-Ата району. 2019-жылдын 7-апрель күнү саат 09:41де КР ӨКМнин №27 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары Кант шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан №42 үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

8-апрель күнү өлкө аймагында күтүлгөн аба-ырайы

   Жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы  секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

 Ысык-Көл облусу

 Ак-Суу району. 2019-жылдын 7-апрель күнү саат 16:40 чамасында Каракол-Эңилчек унаа жолунун 82-чакырымында (Чоң-Ашуу ашуусу) көлөмү болжол 12000 м3 кар көчкү түшкөн.

Жол каттамы убактылуу жабылган.

 Кырсык болгон жетрге КР ӨКМнин Ак-Суу райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу, КР ИИМ ЖКККББнан 2 кызматкер тартылган.

 Унаа жолдун 36-чакырымында (Ак-Булак айылы) жана 118-чакырымында (Оттук чек ара посту) посттор уюштурулган. Тазалоо иштери 8-апрель күнү жүргүзүлөт.

Баткен облусу

         Лейлек району. Ак-Суу айыл аймагы. 2019-жылдын 5-апрель күнү саат 21:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ак-Суу сайынан сел жүрүп, анын кесепетинен Ак-Суу айылынан Жеңиш айылына баруучу ички чарбалык унаа жолдун 3000 метр аралыгын ылай суулар каптап, 2600 метр ички чарбалык арыгын толтурган. Турак үйлөргө зыян келтирилген эмес.

Жерине Ак-Суу айыл аймагынан 1 экскаватор тартылган.

7-апрель күнү тартылган техниканын жардамында 3000 метр ички чарбалык унаа жолу толук тазаланган. Ал эми ички чарбалык арыктын 2000 метр аралыгы тазаланган. Тазалоо иштери 8-апрель күнү улантылат.

 Баткен облусунда очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2019-жылдын 8-апрель күнү саат 02:26да Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Баткен районунун Рават айылында 3 баллга, Ак-Татыр, Үч-Дөбө айылдарында жана Лейлек районунун Лейлек айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

 

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here