Базар-Коргон районунда базарда машыгуу өткөрүлдү

0
187 просмотров

            Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигин Жалал-Абад областтык башкармалыгы тарабынан Базар-Коргон районунун борборундагы “Жаркынай” базарында өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу КР ӨКМнин Жалал-Абад областтык башкармалыгынын башчысы полковник Абдулнасир Закиров билдирди.

Анын айтымында, базар ичиндеги атайын өрт өчүрүүчү автоунаалар жүрүүчү жолдун абалы текшерилип, өрт өчүрүүчү-куткаруучулар тарабынан базардагы өрт кырсыгын жоюу боюнча иш-аракеттерди көрүлдү.

Мындан тышкары, соода-жай ээлерине, ижарачыларга жана базар кызматкерлерине базардагы өрт коопсуздук чаралары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

 КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here