2019-жылдын 9-апрели   саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
206 просмотров

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба-ырайы күтүлөт!

           2019-жылдын 10-апрелинен 12-апрелине чейин Кыргызстанда туруксуз аба-ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаашы, айрым жерлерде күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба-ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

         Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2019-жылдын 8-апрель күнү КР ӨКМнин телефонограммасы чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

2019-жылдын 8-апрели саат 08:00дон 9-апрелине саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТ

          Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 6 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 7 бөлүм тартылган.

 

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
1.

 

АӨКБ-5       1б 1 12:08 12:25 жеткенге чейин 13:15   Октябрь району, 8-кичи райондогу №31 үйдүн батиринде муздаткычтын электр зымы күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби: электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу. ­—
2. АӨКБ-8    1б

АӨКБ-4

1

1

12:15

12:17

12:24

12:26

12:41 13:16 13:46

14:00

  Биринчи Май району, Краснодонцев көчөсү №25. Эки кабаттуу турак үйдүн биринчи кабатындагы кампанын шыбы жана үйгө жакын жайгашкан бастырманын  ичиндеги жумшак  эмеректер, 10 даана рулон кездеме, сатылуучу бут кийимдер, 4 даана  жыгач терезе жана тигүүчү каражаттар күйгөн. Өрттүн жалпы аянты 130 чарчы метр. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 2ствБ
Ош облусу
3. ӨКБ-71   1б 1 14:50 15:10 15:25 15:55 16:10   Ноокат району. Зулпуев айыл өкмөтү, Кашкалдак айылы, Абдилов көчөсү №7. Гараждын 24 чарчы метр шыбы жана ичиндеги ВАЗ-469 үлгүсүндөгү унаанын салону күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби: электр зымдардын кыска тутташуусу. 1ствБ
Ысык-Көл облусу
4. ӨКБ-39  1б 1 16:15 жеткенге чейин 16:35   Ак-Суу району. Ак-Булак  айылы. Талаа күйүп жатат деген маалымат түшкөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин толук өчүрүлгөн.
5 ӨКБ-39   1б 1 05:20 05:25 05:30 06:00 06:20   Ак-Суу району. Теплоключенко айылы Жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн 30 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
Талас облусу
6. ӨКБ-91

1 16:43 жеткенге чейин 17:14   Кара-Буура району. Кызыл–Адыр айылы,  “Ф-Пассат” үлгүсүндөгү унаа күйүп жатат деген маалымат түшкөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин толук өчүрүлгөн. —-

Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болгон:

  Бишкек шаары

Октябрь району. 2019-жылдын 8-апрель күнү саат 19:19да КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары 12-кичи райондо жайгашкан №57 үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 Ош облусу

Араван району.  2019-жылдын 8-апрель күнү саат 15:45де КР ӨКМнин №64 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары  Ачы айылына караштуу Чилистүн тоосунан 2003-жылы туулган А.Н. (мүмкүнчүлүгү чектелген) аттуу эркек баланы түшүрүп, апасына өткөрүшүп беришкен.

9-апрель күнү өлкө аймагында күтүлгөн аба-ырайы

   Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаашы, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүнө жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Ысык-Көл, Нарын  облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

 Ысык-Көл облусу

Ак-Суу району. 2019-жылдын 7-апрель күнү саат 16:40 чамасында Каракол-Эңилчек унаа жолунун 82-чакырымында (Чоң-Ашуу ашуусу) көлөмү болжол 12000 м3 кар көчкү түшүп, жол каттамы убактылуу жабылган.

 Кар көчкүнү тазалоого Жети-Өгүз райондук №3 ЖТИден 1 бульдозер тартылган.

8-апрель күнү саат 22:30дан тартып кар көчкүнүн кесепеттерин жоюу иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Унаа жолдун 36-чакырымында (Ак-Булак айылы) жана 118-чакырымында (Оттук чек ара посту) посттор уюштурулган.

Баткен облусу

         Лейлек району. Ак-Суу айыл аймагы. 2019-жылдын 5-апрель күнү саат 21:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ак-Суу сайынан сел жүрүп, натыйжада Ак-Суу айылынан Жеңиш айылына баруучу ички чарбалык унаа жолдун 3000 метр аралыгын ылай суулар каптап, 2600 метр ички чарбалык арыгын толтурган. Турак үйлөргө зыян келтирилген эмес.

Кырсыктын кесепеттерин жоюуга айыл аймагынан 1 жүктөгүч, №13 ЖТИден 1 грейдер тартылган.

8-апрель күнү тартылган техниканын жардамында  ички чарбалык арыктын 2250 метр аралыгы тазаланган. Тазалоо иштери 9-апрель күнү улантылат.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here