2019-жылдын 10-апрели саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
430 просмотров

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба-ырайы күтүлөт!

           2019-жылдын 10-апрелинен 12-апрелине чейин Кыргызстанда туруксуз аба-ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаашы, айрым жерлерде күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Абанын күндүзгү температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба-ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2019-жылдын 10-апрелинен 12-апрелине чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу Чүй, Талас облустарынын ойдун жерлерин суу капташы мүмкүн, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дарыяларда суунун деңгээли кескин көтөрүлүшү мүмкүн.

Ошол себептен, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

         Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2019-жылдын 8-апрель күнү КР ӨКМнин телефонограммалары чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалыматтар жиберилген. Мындан сырткары ККжМЖМКС (ОКСИОН) аркылуу телеканалдардан тиешелүү маалыматтар жиберилген.

2019-жылдын 9-апрели саат 08:00дон 10-апрелине саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТ

 

 

         Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 4 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 4 бөлүм тартылган.

 

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Ысык-Көл облусу
1.

 

№39 ӨКБ

1 б

1 11:00 11:04 11:10 11:20 11:25   Ак-Суу району. Теплоключенка айылы, Пионер көчөсү №23. Турак үйдүн короосунда 20 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби: отко этиятсыздык менен мамиле кылуу. кол каражат м-н

 

2. №39 ӨКБ

1 б

1 23:21 23:51 01:31 01:50 02:45   Ак-Суу району. Ичке-Жергез айылы, Алымбек көчөсү №9. Жыгач устундуу темир жабылган сарайдын 136 чарчы метр чатыры жана 100 түк чөп күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
Жалал-Абад облусу
3. №94 ӨКБ

1 б

 

1 12:10 12:15 12:20 12:27 12:50   Кара-Көл шаары. Чоң-Таш айылы, Кыргыз көчөсү. “Форд Эскорт” үлгүсүндөгү  унаанын кыймылдаткыч бөлүгү жана салону күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби: электр  жабдууларынын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу. 1ствБ
Ош облусу
4. №13  АӨКБ

1 б

1 14:41 14:50 14:58 17:00 17:29   Кара-Суу району. Шарк айыл аймагы, Фуркат айылы, Жаанбаев көчөсү №5. Толук бүтө элек турак үйдүн жыгач устундуу темир жабылган 100 чарчы метр чатыры жана 1,5 тонна жыйылган чөп күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби: электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу. 2ствБ

КР ӨКМнин Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болгон:

 Бишкек шаары

 

Биринчи Май району. 2019-жылдын 9-апрель күнү саат 17:55де Юг-2 кичи районундагы №11 үйдүн  балдар аянтчасында жайгашкан селкинчектин түтүгүнө 2011-жылы туулган  А.К. аттуу бала манжасын салып алып, кайрадан чыгара албай калган. КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруучулары баланын манжасын чыгарып беришкен.

 

Ош облусу

 

 Кара-Кулжа району. 2019-жылдын 10-апрель күнү саат 05:25 чамасында Кашка-Жол айыл аймагы  Ынтымак айылында жааган жаандын кесепетинен айдоо-аянттарын сугаруучу Жаңы-Моңол каналына суу батпай, 1 турак үйдүн короосун суу каптаган. Жерине КР ӨКМнин №66 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барышып каналдагы унаа өтүүчү көпүрөнүн астында толгон таштандыларды тазалап, ашкан сууну токтотуп беришкен.

10-апрель күнү өлкө аймагында күтүлгөн аба-ырайы

 

  Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаашы, айрым жерлерде күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусу

Ак-Суу району. 2019-жылдын 7-апрель күнү саат 16:40 чамасында Каракол-Эңилчек унаа жолунун 82-чакырымында (Чоң-Ашуу ашуусу) көлөмү болжол 12000 м3 кар көчкү түшкөн. Жол каттамы убактылуу жабылган.

 Кар көчкүнү тазалоого Жети-Өгүз райондук №3 ЖТИден 1 бульдозер, Ак-Суу райондук №11 ЖТИнин 1 бульдозер тартылган.

9-апрель күнү  Жети-Өгүз районунун №3 ЖТИнин 1 бульдозери тарабынан тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүп, унаа жол бир тараптуу ачылган. Учурда жолду кеңейтүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Унаа жолдун 36-чакырымында (Ак-Булак айылы) жана 118-чакырымында (Оттук чек ара посту) посттор уюштурулган.

Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2019-жылдын 9-апрель күнү саат 16:35те Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Токтогул районунун Үч-Терек, Кетмен-Төбө, Саргата айылдарында — 3 баллга, Кара-Жыгач, Торкент айылдарында – 2,5 баллга жана Токтогул шаарында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

 КР ӨКМнин басма сөз кызматы

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here