КР ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыктын өздүк курамы билимин жогорулатууда

0
51 просмотров

2019-жылдын 8-апрелинен тартып 12-апрель аралыгында КР ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыктын Нарын, Ат-Башы жана Ак-Талаа райондорунун “өрт өчүрүүчү-куткаруучу” категориясынын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча КР ӨКМнин алдындагы Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун окутуу курамы тарабынан окуулар башталды.

       Окуунун максаты аталган кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу болуп эсептелет. Окуунун жүрүшүндө саптык сабак, биринчи медициналык жардам тууралуу окуулар өткөрүлдү. Окуунун жыйынтыгы менен жогорудагы кызматкерлер тест тапшырып, анын жыйынтыгы менен сертификаттарга ээ болушат.

           Мындан сырткары ушундай эле окуулар Нарын облусу боюнча башкармалыктын башка категориядагы кызматкерлери менен да апрель айынын аягына чейин өткөрүлмөкчү. Аталган иш-чара КР ӨКМнин Өрт-куткаруу бөлүктөрүнүн кызматкерлерин даярдоо боюнча 2019-жылдын календардык планын негизинде аткарылууда.  

 КР ӨКМдин Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here