Сузак районунда калк арасында өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

0
26 просмотров

Бүгүн, 10-апрель күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Сузак райондук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Сузак районуна караштуу Багыш айыл аймагынын Октябрь айылында жергиликтүү калкка өрт коопсуздугу боюнча жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Аталган иш-чара күн сайын райондун аймагында өткөрүлүп жатат.
Кызматкерлер жаз-жай мезгилиндеги өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн төмөнкү өрт коопсуздук эрежелерин сактоону эскертет:
— бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбогула;
— колго жасалган жылытуучу электр приборлорун колдонбогула;
— күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчада сактабагыла;
— балдарды кароосуз калтырбагыла;
— электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула.
— тамекинин калдыктарын жана ширенкелерди таштабагыла;
— өрткө кооптуу учурда кароосуз от жакпагыла жана калдыктарды (таштандыларды) өрттөбөгүлө;
— токой, тоо шарттарында эс алуу учурунда өрт коопсуздук эрежелерин сактаңыз, тамекини таштабагыла, чокторду өчүрүп кетиңиздер;
— айнектин сыныктарын жана бөтөлкөлөрдү калтырбагыла, себеп дегенде күндүн нурлары менен чагылышып, өрттүн булагы болушу мүмкүн.
Өрт коопсуздугунун көрсөтүлгөн пункттарын сактоо менен сиз өзүнүздүн турак-жайынызды, мүлкүнүздү, жана адамдардын жаракат алуусун, каза болуусун алдын аласыз. Чукул кырдаал жаралса, 112 жана 101 номуруна чалыңыз, чалуу акысыз.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here