2019-жылдын 24-апрели саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
35 просмотров

Шашылыш билдирүү!

      Кыргызстандын аймагында 24-25-апрель кундөрү туруксуз аба-ырайы сакталып турат: 23-апрелде Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

24-25-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

25-апрелде түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 24-апрелде кээ бир райондордо шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетиши күтүлөт.

26-27-апрелде түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай туруксуз аба-ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2019-жылдын 24-27-апрелде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы дарыяларда  суунун деңгээли  көтөрүлүшү күтүлөт, тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

2019-жылдын 24-апрелинен 25-апрелине чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 132-133-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 222-223-чакырымдарында жана 246-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы) кар күрткү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы кыймылдын чектелиши 500 метр аралыкты камтышы зарыл.

      Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2019-жылдын 22-апрель күнү КР ӨКМнин телефонограммалары чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалыматтар жиберилген. Мындан сырткары ККжМЖМКС (ОКСИОН) аркылуу телеканалдардан тиешелүү маалыматтар жиберилген.

         2019-жылдын 23-апрели саат 08:00дөн 24-апрель саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

 Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 3 өрт кырсыгы катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 3 бөлүм тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
1.    3-АӨКБ

1 б

1 17:33 17:37 17:53 18:10 19:47   Свердлов району. Абдрахманов көчөсү №204, Ашкананын пластик терезеси жана шыбы күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
Жалал-Абад облусу
2.    20-АӨКБ

1 б

1 19:36 19:42 19:45 20:03 20:25   Жалал-Абад шаары. Жеңиш кичи району, Миндаль көчөсү №41. Жыгач устундуу шифер менен жабылган мончонун 24 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
Чүй облусу
3.    23-АӨКБ

1 б

1 01:08 01:23 жеткенге чейин 02:05   Сокулук району. Сокулук айылы, Школьная көчөсү №50. Турак үйдүн 3 чарчы метр полу күйгөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.

КР ӨКМнин Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болгон:

Бишкек шаары

 Свердлов району. 2019-жылдын 23-апрель күнү саат 22:00дө КР ӨКМнин Бишкек шаардык  башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Аламедин-1 кичи районундагы №48 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 Жалал-Абад облусу

 Базар-Коргон району. 19-апрель күнү саат 17:00дө Акман айыл аймагы Акман айылынын тургуну 2014-жылы туулган И.Э. аттуу жаш бала дайынсыз жоголгон.  Издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнен 38 куткаруучу (КР ӨКМнин Базар-Коргон райондук №78 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн (ӨКБ)  22 куткаруучу, КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 9 суучул, КР ӨКМнин 2-ӨИКОдон 3 куткаруучу) ИИМден 24 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 35 адам, жалпы 97 адам тартылып, издөө иштери Акман айылынын Жаңы-Акман каналында жана Кайырма көлүнүн жээгинде жүргүзүлгөн. Кеч киргендигине байланыштуу саат 20:30да издөө иштери убактылуу токтотулган, натыйжа болгон жок. 24-апрель күнү издөө иштери улантылат.

 Баткен  облусу

 Кадамжай району. 2019-жылдын 23-апрель күнү саат 11:01де  КР ӨКМнин Тоо-кен куткаруу кызматынын №3 Өзүнчө мобильдик тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары Киров көчөсүндөгү №49 көп кабаттуу үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

24-апрель күнү өлкө аймагында күтүлгөн аба-ырайы

 Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.  Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетиши  мүмкүн.

 КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here