23-27-апрелде Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

0
138 просмотров

23-апрелде Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
24-25-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 25-апрелде түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 24-апрелде кээ бир райондордо шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.
26-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо, 26-апрелде күндүз жана 27-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан жаашы, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

28-29-апрелде Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайынын жакындатылган болжолдоосу

28-апрелде туруксуз аба-ырайы сакталып турат: кээ бир райондордо жаан жаашы, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.
29-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт.

23-25-апрелдерде Бишкек шаарында күтүлгөн
аба-ырайы

23-апрелде жаан-чачын жаашынын ыктымалы аз. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
24-25-апрелдерде мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 24-апрелде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

23-25-апрелдерде Ош шаарында күтүлгөн аба-ырайы

23-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
24-25-апрелдерде мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here