КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча департаменти бош административдик кызмат ордунга ачык сынак жарыялайт

0
112 просмотров

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча департаменти КР “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамына ылайык төмөнкү административдик кызмат ордуна кабыл алууга ачык сынак жарыялайт:

Административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн тесттик тапшырмаларды (негизги тест) түзүүдө колдонулган ченемдик укуктук актылардын жана документтердин тизмеси:

  1. Административдик мамлекеттик улук кызмат оруну үчүн:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын «Ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы;

4) Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;

5) Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;

6) Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңешинин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын Этика кодекси;

— Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

— Компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктыларды колдоно билүү.

  1. Административдик мамлекеттик кенже кызмат орундары үчүн:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;

3) Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңешинин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын Этика кодекси;

— Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

— Компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктыларды колдоно билүү.

  1. Өндүрүштү пландоо бөлүмү

Башкы адиси (У-Б) – 1 бирдик

Квалификациялык талаптар:

Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим, төмөнкү багыттар боюнча: архитектура жана курулуш, геология, чалгындоо жана кендерди иштетүү кесиптери;

 -гидротехникалык курулуш багытына артыкчылык берилет;

— “инженер-сметчик” профессионалдык иш-аракетин аткаруу үчүн укук берилген мамлекеттик сертификатынын болуусу.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;

-“инженер-сметчик” профессионалдык иш-аракетин аткаруу үчүн укук берилген мамлекеттик сертификаты.

Төмөнкүлөрдү билүү:

— Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдарын; — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 130 токтому менен  бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча департаменти жөнүндө жобосун”;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2016-жылдын  18-майындагы №4-нпа  буйругу менен бекитилген “Курулуштун нормалары жана шарттары” МДС 81-01-2015 (СНиП, ГОСТ).

Функционалдык милдеттери:

— курулмалар боюнча “Инвест №1” жана №2, стат.отчетторду даярдоо;

— авариялык калыбына келтирүү иштери жана техникалык чечимдер боюнча курулмалардын сметасын эсептөө;

— курулуш иштеринин сметасы боюнча аткарылган көлөмдөрүн эсептөө (форма №2, 3);

— курулуш иштеринин аткарылган көлөмү боюнча айлык, кварталдык жана жылдык отчетторду даярдоо;

— курулуш иштерине кеткен чыгымдарды эсептен чыгаруу боюнча иш алып баруу;

— курулуш иштери боюнча мамлекеттик сатып алууларга материалдарды даярдоо;

Жетектөөчү адиси (К-А) – 1 бирдик:

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим, төмөнкү багыттар боюнча: архитектура жана курулуш;

-“инжинирингтик тейлөө” профессионалдык иш-аракетин аткаруу үчүн укук берилген мамлекеттик сертификаты (артыкчылык берилет).

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы: — иш стажына талап коюлбайт.
  2. Төмөнкүлөрдү билүү:

-Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдарын;  — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы №130 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча департаменти жөнүндө жобосун”; — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2016- жылдын 18-майындагы №4-нпа  буйругу менен бекитилген “Курулуштун нормалары жана шарттары” МДС 81-01-2015  (СНиП, ГОСТ).

Функционалдык милдеттери:

— белгинген тартипте курулуш иштерине техникалык көзөмөл жүргүзүү;

— мамлекеттик Экологиялык жана техникалык инспекция, Эсептөө палатасынын эксперттери жүргүзгөн текшерүүлөргө катышуу;

— курулуш иштерин баштоого тиешелүү уруксат берүүчү документтерди даярдоо;

— курулуш иштеринде көрсөтүлбөй калуучу жумуштар боюнча өз убагында акт түзүп, кезектеги жумуш боюнча тапшырма берип, анын аткарылышын көзөмөлдөө;

— курулуш иштери бүткөн объектилерди кабыл алуу боюнча мамлекеттик жана жумушчу комиссиясын уюштуруу;

Сынака катышуу үчүн төмөнкү документтерди  тапшыруу зарыл:

— арыз (бош кызмат орунун так аталышы менен), резюме;

— өмүр баян (соттолбогондугу жөнүндө маалымат);

— өздүк баракча сүрөтү менен;

— паспорттун көчүрмөсү;

— эмгек китепчесинин көчүрмөсү, кесиптик билимин, илимий даражасын жана илимий наамын тастыктоочу документтердин нотариус аркылуу же персоналды башкаруу кызматтары аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү.

Сынакка катышуу үчүн бардык каалочуларга жогоруда көрсөтүлгөн документтерди көктөмөгө көктөп, жарыя чыккан күндөн тартып 2019-жылдын 7-майына чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, А.Токтоналиев көчөсү, 2/1, 5-кабат, каб. 512 Тел.: 562511

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here