Шашылыш билдирүү: аба-ырайы туруксуз болуп, тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн!

0
149 просмотров

Кыргызстандын аймагында 25-апрелде туруксуз аба-ырайы сакталып турат: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

25-апрелде түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт. 26-28-апрелде түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай туруксуз аба-ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2019-жылдын 25-27-апрелинде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт, тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

2019-жылдын 25-апрелинде жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 132-133-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 222-223- жана 246-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы кыймылдын чектелиши 500 метр аралыкты камтышы зарыл.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2019-жылдын 22-апрель күнү КР ӨКМнин телефонограммалары чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалыматтар жиберилген. Мындан сырткары ККжМЖМКС (ОКСИОН) аркылуу телеканалдардан тиешелүү маалыматтар жиберилген.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here