Туристтик топтор жана жеке туристер үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен эскертме  

0
402 просмотров

Жабыр тарткан туристерге жардам берүү жана тез чара көрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын аймагына келген туристерге жана туристтик топторго каттоодон өтүүнү эскертет.

Кыргыз Республикасынын аймагына келген туристтик топторду жана жеке туристерди каттоодон өткөрүү үчүн керектүү документтердин тизмеси

1). Туристтик мекеменин аталышы, дареги жана телефон номерлери.

2). Туристердин тизмеси, аты-жөнү, паспорттук маалыматтары (номери жана сериясы), туристин чет өлкөдөгү туруктуу жашаган жеринин дареги.

3). Уюлдук жана спутник телефондорунун номерлери.

4). Туристин туугандарынын жана досторунун телефон номерлери (кокустук болгондо байланышуу үчүн).

5). Камсыздандыруу полиси.

6). Туристик спорттук жүрүштүн маршруттук китепчеси.

7). Байланыш каражаты, анын ичинде радиобайланышынын иштөө жыштыгы.

  Кыргыз Республикасынын аймагына келген туристтик топторду жана жеке туристерди каттоодон өткөрүү тартиби

 Туристтик топторду каттоодон өткөрүү тартиби:

 Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактардагы башкармалыктарына келип төмөнкү маалыматтарды берүү зарыл:

— туристтик мекеменин аталышы, дареги жана телефон номерлери;

-туристик иш-чаралардын башталыш жана аяктаган күнү;

— кыймылдын багыты башталыш, ортоңку жана аяктоо пункттарын көрсөтүү менен, маршруттагы көзөмөл пункттары жана алардан өтүү убактысынын божомолу;

— авариялык чыгуу багыты;

-маршруттагы топ боюнча байланыш тартиби;

-байланыш каражаты, анын ичинде радиобайланыштын иштөө жыштыгы, дүрбөлөң баскычынын бар же жок экендиги тууралуу маалымат;

-туристердин саны, алардын жарандыгы жана жашаган жери;

-топтун башчысынын, орун басарынын аты, жөнү телефон номерлери;

-жүрүштүн мүчөлөрүнүн паспортторунун көчүрмөлөрү, камсыздандыруу полиси, жашаган дареги;

-топтор маршруттан чыккандан кийин, бирок иш-чаранын мөөнөтү бүткөн убакыттан кечиктирбей КР ӨКМне иш-чаранын аяктаганы тууралуу билдирүү.

    Жеке туристерди каттоодон өткөрүү тартиби:

 Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактардагы башкармалыктарына келип төмөнкү маалыматтарды берүү зарыл:

— паспорттун көчүрмөсү, жашаган дареги боюнча маалымат;

-камсыздандыруу полиси, уюлдук/чөнтөк телефонунун номери, туристин туугандарынын жана досторунун телефон номерлери;

-кыймылдын багыты башталыш, ортоңку жана аяктоо пункттарын көрсөтүү менен, маршруттагы көзөмөл пункттары жана алардан өтүү убактысынын божомолу;

-маршрут боюнча байланыш тартиби;

-байланыш каражаты, анын ичинде радиобайланыштын иштөө жыштыгы, дүрбөлөң баскычынын бар же жок экендиги тууралуу маалымат;

— авариялык чыгуу багыты;

— туристик иш-чаранын башталыш жана аяктаган күнү;

-маршруттан чыккандан кийин, бирок көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөн убакыттан кечиктирбей КР ӨКМне иш-чаранын аяктаганы тууралуу билдирүү.

КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору:

— дареги: Бишкек шаары, Осмонкул көчөсү-128

-телефон номери:112; (0312) 435-976; (0770) 800-100; (0770) 880-017;

(0770) 880-019.

-электрондук дареги: od.mchs@mail.ru; ods_bishkek@mail.ru.

КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгы:

— дареги: Бишкек шаары, Осмонкул көчөсү-128

-телефон номери: (0312) 43-91-05; (0770) 800-444.

-электрондук дареги: oper.umchs@mail.ru; spz101@mail.ru

КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгы:

— дареги: Ош шаары, Масалиев көчөсү-3

-телефон номери: (03222) 8-14-96; (03222) 8-16-25;  (0770) 880-040.

-электрондук дареги: osh-od@mail.ru

КР ӨКМнин Чүй облустук башкармалыгы:

— дареги: Бишкек шаары, Кулатов көчөсү-11

-телефон номери: (0312) 54-27-38; (0312) 54-14-09; (0770) 800-333.

-электрондук дареги: cmru.oo@mail.ru

КР ӨКМнин Нарын облустук башкармалыгы:

— дареги: Нарын шаары, Токтосунов көчөсү-38

-телефон номери: (03522) 5-33-07; (03522) 5-09-87; (0770) 822-304.

-электрондук дареги: umchs_naryn@mail.ru

КР ӨКМнин Талас облустук башкармалыгы:

— дареги:  Талас шаары, Ч. Айтматов көчөсү-370

-телефон номери: (03422) 5-25-01; (0770) 800-011.

-электрондук дареги: umchs-talas@mail.ru

КР ӨКМнин Ысык-Көл облустук башкармалыгы:

— дареги: Каракол шаары, Токтогул көчөсү-197

-телефон номери: (03922) 7-07-68; (0770) 800-777.

-электрондук дареги: odumchsi@mail.ru

КР ӨКМнин Ош облустук башкармалыгы:

— дареги: Ош шаары, Р.Моминова көчөсү-11

-телефон номери: (03222) 2-25-37; (0770) 878-780.

-электрондук дареги: umchsosh.obl@mail.ru

КР ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгы:

     — дареги: Жалал-Абад шаары, Ж. Бакиев көчөсү-15а

-телефон номери: (03722) 2-16-86; (03722) 2-19-70; (0770) 800-081.

-электрондук дареги: od-jalal-abad@mail.ru

КР ӨКМнин Баткен облустук башкармалыгы:

— дареги: Баткен шаары, Н.Исанов көчөсү, номери жок.

-телефон номери: (03622) 5-21-01; (03622) 5-01-39; (0770) 224-239.

-электрондук дареги: mchsbatken@mail.ru

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here