Өзгөндө  мектеп окуучулары метеорологдордун жумушу менен жакындан таанышышты

0
162 просмотров

Бүгүн, 2019-жылдын 29-апрель күнү КР ӨКМнин Гидрометеорология боюнча агенттигинин Өзгөн бириккен гидрометеорологиялык станциясында Жумакадыр Мойдунов атындагы орто мектебинин окуучулары үчүн  “ачык эшик” күнү  өткөрүлдү.

Өзгөн бириккен гидрометеорологиялык станциясынын башчысы Шайбек Жоробаев окуучуларга метеостанциянын жумушу менен кеңири тааныштырды.

Иш-чаранын катышуучулары абанын температурасы жана нымдуулугу, жамгырдын көлөмү, жердеги топурактын температурасы, шамалдын ылдамдыгы кантип жана кандай приборлор менен өлчөнөөрүн практика жүзүндө көрүшүп, кызыктырган суроолоруна жооп ала алышты.

Мектеп окуучулары теориялык алган билимдерин практика жүзүндө бышыкташты.

 “Ачык эшик” күнүнө келген мугалимдер окуучулар көзү менен практика жүзүндө көргөндө жакшы кабыл алышаарын бергилешип, иш-чараны уюштуруп, мүмкүнчүлүк түзүп бергендиги үчүн Өзгөн бириккен гидрометеорологиялык станциясынын башчысы Шайбек Жоробаевге ыраазычылык билдиришти.

Маалымат үчүн:

Өзгөн аба-ырайыны байкоо станциясы 1928-жылы ачылган. Анда гидрология жана метеорология бөлүмдөрү болгон. Станцияда 8 гиропост иштеп маалымат берет.

Азыркы мезгилде КР ӨКМнин КР ӨКМнин Гидрометеорология боюнча агенттигинин Өзгөн бириккен гидрометеорологиялык станциясына Өзгөн, Кара-Кулжа, Алай, Чоң-Алай, Араван райондору карайт. Эң алысы 360 чакырым алыстыкта жайгашкан Чоң-Алай районундагы Дароот-Коргон гиро посту. Ал эми Кичик-Алай гидропосту 175 чакырым алыстыкта жайгашкан. Эң жакын жайгашкан гидропост 23 чакырым алыстыкта жайгашкан Зергер –Тосой дарыясы эсептелинет.

 КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here