2019-жылдын 29-апрели саат 08:00гө карата  Кыргыз Республикасынын аймаындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
113 просмотров

29-апрель күнү өлкө аймагында күтүлгөн аба-ырайы

 Жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Жалал-Абад облусу

Аксы району. Кызыл-Туу айыл аймагы. 2019-жылдын 25-апрель күнү катуу жааган жаандын кесепетинен Кожо-Ата дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, Кызыл-Туу жана Жылгын айылдарындагы жөө өтүүчү 2 көпүрөнүн түркүгүн агызып авариялык абалга келтирген, жергиликтүү тургундар айланма жол аркылуу өтүүдө. Мындан сырткары Кожо-Ата дарыясынын жээгиндеги Кара-Жыгач-Сары-Челек унаа жолунун 19-20 чакырымындагы 1,5м аралыкты суу ташкыны жеп кеткен, жол каттамы ачык.

Жерине  №12 ЖТИден 3 самосвал, 1 жүктөгүч, 1 грейдер, 1 экскаватор жана Кызыл-Туу а/а 1 экскаватор тартылган.

28-апрель күнү КР ӨКМ тарабынан бөлүнүп берилген 500 даана каптарга кум толтурулуп, Кожо-Ата дарыянын кооптуу деп эсептелген жээктерин бекемдөө иш-чаралары жүргүзүлүп, иш-чаралар толук бүткөрүлгөн. Мындан сырткары Кара-Жыгач-Сары-Челек унаа жолу калыбына келтирилип иш чаралар аяктады.

Авлетим айыл аймагы. 2019-жылдын 25-апрель күнү катуу жааган жаандын кесепетинен Байкашкатерек айылындагы Авлетим дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, Авлетим айылында жана Ак-Дөбө тилкесинде Авлетим дарыясынын оң-сол жээктери бузула баштаган.

Жерине КР ӨКМнин Жалал-Абад облусундагы ӨКЧКМБнан 1 самосвал, Авлетим айыл аймагынан 1 жүктөгүч жана 20 адам тартылган.

28-апрель күнү КР ӨКМ тарабынан бөлүнүп берилген 500 даана каптарга кум толтурулуп, дарыянын кооптуу деп эсептелген жээктерин бекемдөө иш-чаралары жүргүзүлүп, иш-чаралар толук бүткөрүлгөн.

Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

 Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 28-апрель түнү саат 19:21де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Кочкор районунун Арсы жана Семиз-Бел айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

____________________________________________________________

29-апрель күнү саат 06:23тө Кытай менен Таджикистандын чектешкен аймакта очогунда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура жана Бор-Дөбө айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

 2019-жылдын 28-апрели саат 08:00дон 29-апрель саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТ

Сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 14 бөлүм тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
1.

 

28-АӨКБ

1 б

5-АӨКБ

1 б

4-АӨКБ

1 б

5-АӨКБ

АЛ

8-АӨКБ

АКП

ШТАБ

1 14:55

15:00

15:08

16:20

 

16:20

15:07

15:07

15:16

5:16

16:45

 

16:45

15:15

16:37

 

19:08 20:33

 

20:04

 

21:09

 

20:25

 

17:25

 

17:25

  Ленин району. “Ала-Арча”  резиденциясынын аймагында  болжол менен   аянты 700 чарчы метр темир менен жабылган имаратынын чатыры толук  күйгөн эмес,  эски имаратта курулуш иштери жүргүзүлүп жаткан. Алдын ала маалымат боюнча, өрттүн себеби: электр ширетүү иштеринде өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу. 5 ствБ

1 ствА

2. 5-АӨКБ

1 б

1 19:30 19:37 19:50 20:22 20:48   Биринчи Май району. Тыныстанов №165, 13-батир. Турак үйдүн 15  чарчы метр жыгач дубалы күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби такталууда. кол кар-т
3. 5-АӨКБ

1 б

 

1 20:20

 

20:34

 

20:50 22:00 22:25   Октябрь району. Асанбай кичи району, №52 үйдүн жанындагы аянты 40  чарчы метр  дүкөн  толугу менен жана 6 тоңдургуч, 7 муздаткыч күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби такталууда. 1 ствБ
4. 28-АӨКБ

1 б

1 22:45 22:59 23:07 23:22 23:44   Ленин району. к/к Арча-Бешик, Кызыл-Адыр көчөсү № 69. Кампанын ичинде 10  чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби такталууда. 1 ствБ
Ысык-Көл облусу
5. 34-ӨКБ

1 б

1 14:02 14:25 14:37 16:42 17:59   Түп району. Ичке-Суу айылы, Эсенбай у Кубанычбек көчөсү. Аянты 48  чарчы метр  бастырма, 50 түк чөп жана 50 түк саман күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби такталууда. 1 ствБ
6. 36-ӨКБ

1 б

1 20:02 20:40 21:03 21:41 22:00   Жети-Өгүз району. Пристань айылы. Көл жээгинде 0,30 га куураган чөп, камыш  күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби такталууда. 1 ствБ
Чүй облусу
7. 15-ӨКБ

1 б

1 15:20 15:25 15:31 15:45 16:04   Москва району. Ак-Суу айылы, Полевой көчөсү №32. Бастырманын ичинде болжол менен 1 куб отун жана 1 ором кара кагаз күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби такталууда 1 ствБ
8. 23-АӨКБ

1 б

1 17:33 17:41 17:48 17:56 18:16   Сокулук району. Романовка айылы. Ачык аянтта 3  чарчы метр  таштанды күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби такталууда. 1 ствБ
9. 22- АӨКБ

1 б

1 21:18 21:27 жеткенге чейин 21:50   Жайыл району. Кара-Балта шаары, Тоголок Молдо көчөсү №26. Турак үйдүн чатыры күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу.
Жалал-Абад облусу
10.       78-ӨКБ

1 б

1 21:58 22:10 22:20 23:00 23:15   Базар-Коргон району. Кеңеш айыл аймагы, Көкчөгөз айылы, Д.Жээнбаев көчөсү № 46. Сарайдын  32  чарчы метр  жыгач устундуу тунике менен жабылган чатыры толугу менен күйгөн . Өрттүн чыгуу себеби такталууда. 1 ствБ

КР ӨКМнин Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болгон:

Бишкек шаары

Ленин району. 2019-жылдын 28-апрель күнү саат 23:30да КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын Жал кичирайонундагы №29/3 үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Ысык-Көл облусу

 

Каракол шаары. 2019-жылдын 28-апрель күнү саат КР ӨКМнин №15 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары Жакыпов көчөсүндөгү №55 үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Баткен облусу

Сүлүктү шаары. 2019-жылдын 28-апрель күнү саат 12:55 чамасында КР ӨКМнин Тоо-кен куткаруу кызматынын №1 Өзүнчө мобильдик тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары “Айтматов” ЖЧКнун шахтасынын газ чыккан жерине тосмо орнотуп беришкен.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here