Куткаруучу  Нурсултан Мергенбаев: “Аюу айылында каза болгон адамдардын сөөктөрүн көчкү алдынан казып чыккан учурлар алигиче көз алдымда турат…”

0
405 просмотров

         “Убакыт — учкан куш” деп бекеринен айтылбаса керек. Көптөгөн адамдардын жүрөгүнө так калтырган Ош облусунун Өзгөн районунун Аюу айылындагы кайгылуу кырсыктын болгонуна быйыл 2 жылдын жүзү болуптур. Ошол мезгилде, мындай кырсык болуп кетет деп ал жерде жашаган жергиликтүү калктын оюна да келбесе керек эле… Себеби, бүгүнкү күндө да КР ӨКМ тарабынан берилген эскертүүлөргө карабай, жер көчкү коркунучу бар кооптуу аймактарда жашоосун улантып, күн кечирип келе жаткан үй бүлөөлөр арбын.

Ошол каргашалуу жер көчкү кырсыгы катталган жерге барып, адамдардын кайгысын жеринен көрүп, маркумдардын сөөктөрүн издөө иштерине катышкан катардагы куткаруучу менен маек курууну туура көрдүк.

Каарманыбыз көптөгөн кырсыктарга чыгып, адамдарды оттон, суудан сактоого далай жолу катышкан. Жүрөгүндө жалыны бар, “Сактоо, коргоо, жардам” деген ураанды бек сактаган, учурда 2 баланын атасы, КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын №2 мобилдик куткаруу отрядынын командири Мергенбаев Нурсултан Жусупбаевич төмөндөгүлөргө токтолду:

—         Мага өтө таасир берген, куткаруучу болуп иштегенден бери эң эле көз алдымдан кетпей, эсте калган окуя – бул,  2017-жылдын 29-апрели күнү Ош облусунун Өзгөн районунун Аюу айылында болгон жер көчкү апааты. Көчкүнүн алдында калган адамдарды издөө иштерине катышканмын.  Каза болуп калган адамдарды жер көчкүнүн астынан өзүң казып алып чыккан учурларда башкача коркуу сезимдери пайда болгон. Катуу коркуу болгон. Анда мен жаш куткаруучу болуп, көп нерсеге даяр эмес болчумун. Ал мезгилден бери  моралдык психологиялык жактан даярдыктан өтүп, кыйла чыңалдык.  Психологиядан окутканда бизге “Өлгөн адамдан коркпо, тирүү адамдан корк”  деп үйрөтөт. Учурдан пайдаланып, ушундай кырсыктарды болтурбоо үчүн кооптуу жайда жашаган жарандардын министирлик тарабынан берилген эскертмелерге кайдыгер карабай, өз өмүрүн тобокелген салбоосун суранат элем, — деди Н.Мергенбаев.

— Сууга чөккөн адамды куткарууда кандай сезимдер пайда болот? Куткаруучулардын жазды жаз дебей, кышты кыш дебей сууга түшүп издөө-куткаруу иштерин жүргүзүп жүргөнүн көрөбүз?

Туура айтасыз, сууга чөккөн адамдын жакындарынын сыздап ыйлаганын көргөндө коркуу, үшүү сезимдери жоголуп, эң негизги максат – адамды табуу болуп калат.  2018-жылы Кызыл-Кыяда суунун астынан адамды алып чыканмын.  Ал адам сууга чөккөндөн кийин бизге кабар беришкен, түнкүсүн суу астына киргенде суунун астындагы сезим башкача.. дем алган абаң да… караңгыдагы суу алдындагы караңгылыктын коркунучу да башкача сезилет…. Биринчи эле чөккөн адамдын тизеси колума урунганда башкача коркуу сезимдер пайда болгон. Суудан алып чыккандан кийин кадимкидей эле болуп каласын. Кошумчалай кетсем, куткаруучулардын ден соолугуна кам көрүү максатында жылына 1 жолу жумуштан прафилактикалык даарылануудан  өтөбүз.

—         Куткаруучу болуш үчүн негизги кандай сапаттарга ээ болуш керек?

—         Куткаруучулук — ардактуу кесип.  Жүрөгүнөн  “ Мекениме кызмат кылам”  деген патриот болуусу зарыл. Абдан токтоо, сабырдуу билими жогорку, физикалык, моралдык, психологиялык жактан күчтүү, эрктүү адам гана куткаруучу боло алат. Мындан сырткары үзгүлтүксүз окутуулар болуп турат, кунт коюп жакшы окуш керек.

—         Ары түйшүктүү, ары жоопкерчиликтүү куткаруучулук жумушуңузга албан-албан ийгиликтерди каалайбыз. Жергебизде бөөдө кырсыктар болбосун. Куткаруучуларга-даңк!

“Сактыкка кордук жок” деп, бекеринен айтылбаса керек, ар бир жараныбыз кооптуулукка көңүлкош карабаса, бул адамдардын өмүрүн сактап калуу менен барабар деп ишенебиз.

Кошумча маалымат:

2017-жылдын 29-апрель күнү саат 06:50 чамаларында  Ош облусунун Өзгөн районундагы Заргер айыл аймагынын Аюу айылында чамасында болжол менен 200миң³ жер көчкү жүрүп, натыйжада 7 турак үйдү басып, анын ичинен 1 турак үйдө эч ким жашабайт, 24 жаран көчкү алдында калып калышкан.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here