2019-жылдын 30-апрели саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
142 просмотров

Шашылыш билдирүү: сел жүрүшү мүмкүн       !

2019-жылдын 30-апрелинде жана 2-3-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу республиканын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Ошол себептен, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

Кыргызстандын аймагында 2019-жылдын 30-апрелинде жана 2-3-майда туруксуз аба-ырайы күтүлөт, мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, тоо этектеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба-ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2019-жылдын 29-апрель күнү КР ӨКМнин телефонограммалары чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

 2019-жылдын 29-апрели саат 08:00дөн 30-апрель саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Сутка ичинде республиканын аймагында 5 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 5 бөлүм тартылган.

 

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
1.     5-АӨКБ

1 б

1 01:00 01:08 01:13 01:28 Свердлов району. Ибраимов көчөсү №57.  “Honda-CRV”  үлгүсүндөгү унаанын салону күйгөн.  Өрттүн чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
Чүй облусу
2.     2-АӨКБ

1 б

1 23:19 23:33 00:15 00:48 01:37 Аламүдүн району. Төмөнкү-Ала-Арча айылы, Короткое көчөсү №29. Жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 90 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
Ош облусу
3.     53-ӨКБ

1 б

1 21:48 21:58 жеткенге чейин 22:32 Өзгөн району. Өзгөн шаары, Жаңы-Өзгөн тилкесиндеги мончонун 1 чарчы метр жыгач шыбы күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби: отко этиятсыздык менен мамиле кылуу.
Нарын облусу
4.     43-ӨКБ

1 б

1 20:26 20:37 21:12 21:23 Жумгал району. Байзак айылы, Тенти-Булак тилкеси. Ачык аянтта 1 га куураган камыш күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
5.     43-ӨКБ

1 б

1 21:45 21:58 23:12 00:00 00:18 Жумгал району. Байзак айылы, Ак-Чий тилкеси. Ачык аянтта 1,5 га куураган чөп жана камыш күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ

КР ӨКМнин Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болгон:

Ош шаары

 2019-жылдын 29-апрель күнү саат 19:02де КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын  Куткаруу кызматынын куткаруучулары Раимбеков көчөсүндө жайгашкан №11 көп кабаттуу үйдүн -батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 Баткен облусу

 Сүлүктү шаары. 2019-жылдын 30-апрель күнү саат 01:45 чамасында КР ӨКМнин Тоо-кен куткаруу кызматынын  №1 Өзүнчө мобильдик тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары “Айтматов” ЖЧКнун шахтасынын газ чыккан жерине тосмо орнотуп беришкен.

Өлкө аймагында 30-апрель күнү күтүлгөн аба-ырайы

  Көпчүлүк аймактарда жаан жаашы, бийик тоолуу райондоордо кар жаашы, Жалал-Абад, Ош, Бактен облустарынын тоо этектеринде катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

 Жалал-Абад облусу

 Аксы району. Кара-Суу айыл аймагы. 2019-жылдын 29-апрель күнү Ак-Терек тилкесинде тоонун боорунан жарака пайда болуп, 2 турак үйгө кооптуу абал жаралган.

Жерине КР ӨКМнин Аксы райондук бөлүмүнүн башчысынын орун басары, КР ӨКМнин Өзгочө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адиси тартылган.

29-апрель күнү жеринде тактоо жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кооптуу абал жаралган жердеги 2 турак үйдүн жашоочулары туугандарынын үйүнө убактылуу көчүрүлгөн.

КР ӨКМнин басма соз кызматы

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here