Министр Нурболот Мирзахмедов Базар–Коргон районундагы кооптуу аймактарды кыдырууда

0
167 просмотров

КР Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов иш-сапарын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда улантууда. Министр Сейдикум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылындагы 2018-жылы ӨКМ тарабынан жасалган жээк бекемдөө иштерин карап чыкты. Андан соң Кеңеш айыл аймагынын Көкчө-Көз айылындагы жыл сайын суу ташкынында жуулуп жаткан Кара-Үңкүр дарыясынын оң жээгиндеги табигый жээкти жеринде карап чыгып, ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Абулнасир Закировго аталган участокту жеке  көзөмөлгө алып,  министрликтин алдын алуу иштеринин мерчемине киргизип, жумуш жүргүзүүнү тапшырма берди.

Андан соң министр Базар-Коргон айыл аймагынын Сай-Коргон участкасындагы №6 коргоочу тосмонун абалы менен таанышты, учурда аталган тосмонун 160 м авариялык абалга келген. Министр аталган участокту ӨКМдин алдын алуу иш-чаралардын 2020-жылдагы план-прогнозуна киргизүүнү тапшырды. ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полконик Абулнасир Закиров билдиргендей, Маданият-Жалал-Абад жолун куруп жаткан жеке компаниянын  Кара-Үңкүр дарыясынын нугунан кум шагылды алгандын кесепетинен  коргоочу тосмолор бузулууда.

Мындан тышкары, министр Н.Мирзахмедов Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын Чоң-Ак-Булак айылындагы жылып жаткан жер көчкүнү жерине барып, министрликтин тиешелүү аймактык жана түзүмдүк жетекчилерине коопту аймакта жашап жаткан тургундар арасында түшундүрүү иштерди жүргүзүүнү жана зарыл учурда коопсуз жайга чатырларды тиктиртип, убактылуу тургундарды көчүрүүнү тапшырма берди.

Эскерте кетсек, бүгүн 30-апрели күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов Жалал-Абад облусунда иш-сапары менен жүрөт. Ошондой эле облустун башка региондоруна 2-3-май күндөрү министрдин баруусу мерчемделүүдө.

КР ӨКМдин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here