Министр Нурболот Мирзахмедов Жалал-Абад облусунда иш сапарда жүрөт

0
307 просмотров

     Бүгүн, 2019-жылдын 30-апрели күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов Жалал – Абад обусунун Сузак районунда иш сапарда жүрөт. Министр Жалал-Абад облусунун  аймагындагы сел, суу ташкындары, жер көчкү болуп кетүү кооптуулугу бар аймактарды кыдырып, аткарылып жаткан жумуштарды жеринен көзөмөлдөп, тиешелүү чечимдерди кабыл алуу жана кооптуу аймакта жашап жаткан жарандар менен жолугуу  үчүн иш сапарда жүрөт.

       Алгач, министр Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагынын Кара-Булак айылындагы ички чарбалык жолду калыбына келтирүү иштери менен жеринен таанышты, жеринде Кыз-Көл айыл аймагынын Кыз-Көл айылына көпүрө куруу маселеси каралды.  Иш сапардын жүрүшүндө Таш-Булак айыл аймагынын  Арал айылындагы  Жалал-Абад-Благовещенка автоунаа жолунун төмөн жагындагы Көк-Арт дарыясынын жээктерине курулган дамбалардын  бузулуусуна жол бербөө максатында дарыянын нугуна тосмо (порог) куруу иш-чараларын жүргүзүү керектиги айтылды.

        Андан соң, министр Н.Мирзахмедов Сузак айыл аймагынын Жаңы-Дыйкан айылынын Камыш-Башы участкасындагы сел каналын тазалоо иштери менен таанышты. Андан ары Атабеков айыл аймагынын Түрк-Абад айылындагы  Чаңгет-Сай сайынын сол жээгин бекемдөө иштерин жеринен көрүп,  аталган участкага кошумча дагы 90 даана габион сеткасы бөлүнүп бериле туган болду. Буга чейин КР ӨКМнин 2019-жылдагы алдын алуу иш-чарасынын негизинде  150 даана габион сетка бөлүнүп берилип орнотулган.

Министр Н.Мирзахмедов иш сапарынын алкагында Базар–Коргон районундагы кооптуу аймактарды кыдырып, алдын алуу багытындагы иш-араккеттер менен жеринен карап чыгат.

КР ӨКМдин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here