2019-жылдын 2-майы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
107 просмотров

Шашылыш билдирүү!

      2019-жылдын 2-3-май күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу республиканын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Ошол себептен, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

Кыргызстандын аймагында 2019-жылдын 2-3-май күндөрү туруксуз аба-ырайы күтүлөт, мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, тоо этектеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба-ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2019-жылдын 29-апрель күнү КР ӨКМнин телефонограммалары чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

2019-жылдын 1-майынан саат 08:00дон 2-майга саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

 Сутка ичинде республиканын аймагында 6 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 6 бөлүм тартылган.

 

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
1.     2-ӨКБ

1 б

1 18:49 жеткенге чейин 19:00   Биринчи Май району. Ак-Босого жаңы конушу, Чүй көчөсү № 20. Бастырмадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат  түшкөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.
Баткен облусу
2.     76-ӨКБ

1 б

 

1 08:30 08:36 08:49 09:00 10:03   Кадамжай району. Пүлгөн айылы, А.Пузулуев көчөсү №27. Короодо жыйылган 200 боо отун, жана мончонун 6 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
Ысык-Көл облусу
3.     34-ӨКБ

1 б

1 22:21 22:26 22:36 00:00 00:15   Түп району. Түп айылы, Приставкин көчөсү №26. Турак үйдүн 5 чарчы метр жыгач полу күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
Чүй облусу
4.     27-АӨКБ

1 23:12 23:25 23:36 00:00 00:35   Ысык-Ата району. Новопокровка айылы, Строительный көчөсү №169А. Жыгач устундуу шифер жабылган мончонун жана  бастырманын чатыры күйгөн.  Жалпы аянты 50  чарчы метр. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
5.     6-АӨКБ

1 б

1 03:51 04:05 04:16 04:32 05:10   Сокулук району. Новопавловка айылы, Поле-Чудес жаңы конушу, Талас көчөсү №68. Үйдүн жанында жайгашкан 30  чарчы метр чач тарач толугу менен күйгөн, 2 даана стол, стул жана үйдүн 10  чарчы метр пластик фронтону күйгөн. Өрттүнкелип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
Ош облусу
6.     25-АӨКБ

1 б

1 04:36 04:48 04:54 05:11 05:45   Кара-Суу району. Кең-Сай айылы, Савай айыл аймагы, К.Айдаров көчөсү. Жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 9  чарчы метр чатыры жана 30 боо пахтанын сабагы күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ

КР ӨКМнин Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болгон:

Бишкек шаары

 Октябрь району. 2019-жылдын 1-май күнү саат 17:47 чамасында КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын  Куткаруу кызматынын куткаруучулары 8-кичи районунун №17 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 Октябрь району. 2019-жылдын 1-май күнү саат 02:55де  8-кичи районунун №31В үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Нарын облусу

Жумгал району. 2019-жылдын 1-май күнү саат 11:07 чамасында Куйручук айыл аймагынын Шилбили участкасында туристтердин унаасы бузулуп калып, “112” кызматына жардам сурап кайрылышкан. КР ӨКМнин

№43 Өрт-куткаруу бөлүмүнун куткаруучулары туристтерди Чаек айылына алып келишкен.

2-май күнү өлкө аймагында күтүлгөн аба-ырайы

 Чүй, Талас көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаашы, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. 

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

         

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here