КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча департаменти административдик бош мамлекеттик кызмат орундарына сынак жарыялайт

0
117 просмотров

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги  Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 23-беренесине ылайык төмөндөгү административдик мамлекеттик кызмат орундарына сынак жарыялайт:

           КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча департаментинин Бухгалтердик эсеп секторунун башчысы–“У-А” – Бишкек шаары

Квалификациялык  жана жеке сапат талаптары:

Билими-жогорку,  төмөнкү багыттар боюнча: экономика; финансы жана бухгалтердик эсеп багыттагы.

Стажы- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 (үч) жылдан кем эмес иш стажы.

Төмөнкүлөрдү билүү:

жалпы мыйзам актылары – Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын  кароо тартиби жөнүдө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдарын,

            Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси.

тиешелүү тармактар боюнча:

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Бюджеттик кодекси; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын: “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”;

            — КР Өкмөтүнүн токтомдорун: 2008-жылдын 23-январындагы №22 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдардын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө”, 2017-жылдын 1-мартындагы №131 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө”,

— КР Финансы министрлигинин 2018-жылдын 25-декабры № 137-П Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругу;

— “1С бухгалтерия” программасын жогорку деңгээлде билүү жана сертификатынын болуусу;

— мүлк, милдеттемелерди, чарбалык операцияларды жана отчетторду түзүү боюнча бухгалтердик эсепти уюштурууда методикалык жана ченемдик материалдарды билүү.

— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана /же расмий тилдерди билүү.

Функционалдык  милдеттери:

— бюджеттик мекемедеги бухгалтердик отчетторду даярдоо;

— материалдык баалулуктардын эсебин жүргүзүү;

— чарбалык операцияларды жүргүзүү;

— жылдык бюджеттик сметаны түзүү жана анын аткарылышын контролдоо;

— дебитордук жана кредитордук карыздардын эсебин жүргүзүү;

— чыгымдардын сметасы боюнча форма №2,4 отчётун даярдоо;

— салык кызматынын жана статистикалык комитеттин отчётторун даярдоо.

Сынака катышуу үчүн төмөнкү иш-кагаздарын  тапшыруу зарыл:

-арыз (бош кызмат орунун так аталышы менен), резюме;

-өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

-өздүк баракча сүрөтү менен;

-паспортунун же өздүктү күбөлөндүргөн документинин көчүрмөсү;

— эмгек китепчесинин көчүрмөсү, кесиптик билимин, илимий даражасын жана илимий наамын тастыктоочу документтердин нотариус аркылуу же персоналды башкаруу кызматтары аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү.

Сынака катышуу үчүн бардык калоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, жарыя чыккан күндөн тартып 2019-жылдын  16-майына чейин  төмөнкү даректер боюнча тапшыруу керек:

Ош шаары, Моминова көчөсү, 11, 3-кабат, каб.302. тел.:03222-20811,

Бишкек шаары, А.Токтоналиева көчөсү, 2/1, 4-кабат, каб. 409 Тел.: 548945

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here