Жалал-Абад облусунда өрт кырсыгынын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз уюштурулууда  

0
100 просмотров

КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын  райондук, шаардык бөлүмдөрү  тарабынан билим берүү мекемелеринде өрткө каршы иш-чараларды уюштурушууда.

КР ӨКМнин Таш-Көмүр шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан Таш-Көмүр шаарындагы  № 8 М.Фрунзе атындагы орто мектебинде өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлүп, машыгуунун жүрүшүндө өрт кырсыгы учурунда окуучуларды жана мугалимдерди  эвакуациялоо иш-чаралары уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө мектеп окуучуларына өрт же өзгөчө кырдаал учурунда өзүн-өзү алып жүрүү,  куткаруу кызматына кырсык жөнүндө кабар берүү, жаш балдардын от менен ойноосунан келип чыгуучу өрт кырсыктары боюнча кеңири маалымат берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

 Ушул эле күнү өрткө каршы түшүндүрүү иштери № 9 А.Осмонбеков, № 2 К.Осмонкулов орто мектептеринин окуучуларынажана мугалимдерине жүргүзүлдү.

 КР ӨКМнин басма сөз кызматы

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here