2019-жылдын 3-майы саат 08:00гө карата  Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
107 просмотров

Шашылыш билдирүү!

           2019-жылдын 3-майында күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу республиканын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Ошол себептен, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

Кыргызстандын аймагында 2019-жылдын 3-майында туруксуз аба-ырайы күтүлөт, мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, тоо этектеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба-ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2019-жылдын 29-апрель күнү КР ӨКМнин телефонограммалары чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

2019-жылдын 2-майы саат 08:00дөн 3-май саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Сутка ичинде республиканын аймагында 5 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 5 бөлүм тартылган

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
1. 4-АӨКБ

1 б

1 02:00 02:13 жеткенге чейин 02:54   Ленин району.  Ажыбек Баатыр көчөсү №1/1, 18-батир. Жуунучу бөлмөсүндө аристон күйгөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин  өчүрүлгөн.
Чүй облусу
2. 6-АӨКБ

1 б

1 11:37 11:48 жеткенге чейин 12:28   Сокулук району. Новопавловка айылы, Фрунзе көчөсү №217. Унаа оңдоочу жайда 1 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.
3. 27-АӨКБ

1 б

1 19:35 19:50 жеткенге чейин 20:56   Ысык-Ата району. Красная Речка айылы, Биринчи Май көчөсү. Ачык аянтта таштанды күйгөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.
4. 27-АӨКБ

1 б

1 00:14 00:33 тастыкталган жок 00:56   Ысык-Ата району. Дмитриевка айылындагы көмөк чордондон  өрт чыккандыгы тууралуу маалымат тастыкталган жок.
Нарын облусу
5. 16-АӨКБ

АКУ менен 4 куткаруучу

1 21:05 21:28 21:35 21:50 22:30   Нарын шаары. Эмгекчил айылы, Запин тилкеси. Ачык аянтта 100 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби такталууда. кол каражат
Баткен облусу
6. 74-ӨКБ

1 б

1 23:16 23:25 23:32 00:26 01:30   Лейлек району. Исфана шаары, Чымген айылы, Темирбаев көчөсү № жок. Турак үйдүн бөлмөсүнүн 18 чарчы метр шыбы жана үй буюмдары күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 1ствБ

КР ӨКМнин Куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болгон:

Жалал-Абад облусу

Тогуз-Торо району. 2-май күнү саат 20:00 чамасында Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 35-чакырымында (Сары-Кыр ашуусу) 7 унаа (2 оор жүк ташуучу жана 5 жеңил унаа) тыгылып калган. Жерине акимдин орун басары, КР ӨКМнин №46 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 10 куткаруучу, 1 фельдшер, РИИБдин 2 кызматкери тартылып, 7 унаадан  14 жүргүнчүнү (12 эркек, 1 аял, 1 жаш бала) саат 04:30да Казарман айылына алып келишкен. Учурда ашууда 7 унаанын айдоочулары унаалары менен калган, КР ӨКМнин №46 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жана №18 ЖТИнин 1 жүктөгүчү жолду тазалоодо. Аталган унаа жол Тогуз-Торо РМАнын башчысы-акимдин 2018-ж. 09.10. №210 буйругунун негизинде жабылган.

3-май күнү өлкө аймагында күтүлгөн аба-ырайы

 Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында катуу жаан жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Жалал-Абад облусу

Аксы району. Ак-Жол айыл аймагы. 2019-жылдын 2-май күнү саат 19:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен кокту колоттордон сел жүрүп, Ак-Жол айылындагы 5 турак үйдүн жана Шынаа тилкесиндеги 2 турак үйдүн огороддорун каптаган, турак үйлөргө зыян келтирилген эмес. Мындан сырткары  №38 ЖТИнин карамагындагы Райкомол-Кечүү ички чарбалык унаа жолунун 100 метр аралыгын, Эчкилик тилкесиндеги ички чарбалык унаа жолдун 1 чакырым аралыгын, Ак-Жол-Кечүү ички чарбалык унаа жолунун 4 жерин сел каптаган. Ошондой эле Жолборсту тилкесиндеги унаа өтүүчү 1 даана көпүрөнүн бир тарабын суу жууп кеткен. Жол каттамдары ачык, унаалар кыйынчылык менен өтүүдө.

3-май күнү жеринде райондук Жарандык коргонуунун комиссиясы тарабынан тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт. Ал эми ички чарбалык унаа жолдорду калыбына келтирүү иш-чаралары №38 ЖТИ тарабынан аткарылат.

 КР ӨКМнин басма сөз кызматы

 

 

 

 

 

 

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here