Аксыда сел жүрүп, 7 турак үйдүн короолорун каптады, турак үйлөргө зыян келтириген эмес

0
139 просмотров

2019-жылдын 2-май күнү саат 19:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагында катуу жааган жамгырдын кесепетинен кокту колоттордон сел жүрүп, Ак-Жол айылындагы 5 турак үйдүн жана Шынаа тилкесиндеги 2 турак үйдүн короолорун (огород) каптаган, турак үйлөргө зыян келтирилген эмес. Мындан сырткары  №38 ЖТИнин карамагындагы Райкомол-Кечүү ички чарбалык унаа жолунун 100 метр аралыгын, Эчкилик тилкесиндеги ички чарбалык унаа жолдун 1 чакырым аралыгын, Ак-Жол-Кечүү ички чарбалык унаа жолунун 4 жерин сел каптаган. Ошондой эле Жолборсту тилкесиндеги унаа өтүүчү 1 даана көпүрөнүн бир тарабын суу жууп кеткен. Жол каттамдары ачык, унаалар кыйынчылык менен өтүүдө.

3-май күнү жеринде райондук Жарандык коргонуунун комиссиясы тарабынан тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт. Ал эми ички чарбалык унаа жолдорду калыбына келтирүү иш-чаралары №38 ЖТИ тарабынан аткарылат.

 КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here