Сузак районундагы мектеп окуучуларына өрт кырсыгынын алдын алуу боюнча сабактар өткөрүлдү

0
387 просмотров

Бүгүн, 2019-жылдын 3-май күнү Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы мектеп окуучуларына өрт кырсыгынын келип чыгуу себептери жана алдын алуу боюнча сабактар өткөрүлдү Сузак райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Сузак районунун Сузак айыл аймагындагы Дом-Ата мектебиндеги 60 окуучуга , ошондой эле Арсланбап-Ата медресенин 50 окуучуларына жана мугалимдерине “Өрт кырсыгынын келип чыгуу себептери жана алдын алуу” боюнча сабактар өткөрүлүдү. Аталган окуунун жүрүшүндө өрт кырсыктарынан сактануу, ар кандай өзгөчө кырдаал каталган үчурда жүрүм-турум эрежелери боюнча теориялык жана практикалык ыкмалар менен түшүндүрүү иш-аракеттери жүргүзүлдү. Окутуунун жыйынтыгында катышуучуларга өзгөчө кырдаалдар багыттындагы таркатма материалдар берилди.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here