Министр Нурболот Мирзахмедовдун Жалал-Абад облусуна болгон иш сапары жыйынтыкталды

0
77 просмотров

2019-жылдын 30-апрели жана 2-3 май күнү Министр Жалал-Абад облусунун аймагындагы сел, суу ташкындары, жер көчкү болуп кетүү кооптуулугу бар аймактарды кыдырып, аткарылып жаткан жумуштарды жеринен көзөмөлдөп, тиешелүү чечимдерди кабыл алуу жана кооптуу аймакта жашап жаткан жарандар менен жолугуу үчүн Сузак, Базар-Коргон, Аксы жана Чаткал, Ала-Бука райондорунда иш сапарында болду.

— Аксы районунун Акжол айыл аймагынын Чалма участкасындагы жер астынан чыккан суулар кооптуулук жараткан жерди көрүп, ачык типтеги дренаж казып чыгуу зарылчылык бар экенин белгилеп, ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгына тийиштүү иш алып барууну тапшырды. Аталган участокко жергиликтүү бийликтен техника тартылып, ал эми министрликтен күйүүчү-майлоочу каражаттар бөлүнүп бериле турган болду.

— Кара-Суу айыл аймагынын Топ-Жангак участкасындагы Кожо-Ата дарыясынан автоунаалар өтүүчү көпүрөнүн абалы менен таанышып, көпүрөнү оңдоо иштерине техникага күйүүчү-майлоочу майларды бөлүп берүүнү, ошондой эле дарыянын оң жээгин бекемдөө иштерин жүргүзүүнү ӨКМдин тиешелүү башкармалыктарынын башчыларына тапшырды.

— Кызыл-Туу айыл аймагынын Жылгын айылындагы Кожо-Ата дарыясын бойлой жайгашкан турак жайларга кооптуу болгон участкаларын карап, Министр КР ӨКМдин “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” агенттигинин директору Сапарбек Бакыевге тосмо куруу иштери боюнча проект түзүп, ӨКМдин 2020-жылдагы алдын алуу иш-чараларын мерчемине киргизүүгө сунуштоо боюнча тапшырма берди.

— Аксы районундагы Авлетим айыл аймагынын Итагар дарыясындагы кооптуу жээктерге дамба курууга техника жана күйүүчү май бөлдүрүп берүү боюнча Министрликтин тиешелүү башкармалыктарынын башчыларына тапшырма берди.

— Таш-Көмүр шаарчасындагы жер көчкү 2 турак жайга кооптулук жараткан жерди көрүп, иш алып барууга башкармалыкка тапшырма берди. Чаткал райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №81 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн абалы менен таанышып, өздүк курам менен баарлашты.

— Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынын Жер-Капчыгай айылындагы Чаткал дарыясында жайгашкан ички чарбалык автоунаа өтүүчү көпүрөнү жеринде көрүп, тиешелүү чечимдерди кабыл алды.

— Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагынын Жыл-Кол айылынын жогору жагында кокту-колоттордон келген сел суулары кооптуулук жараткан турак-үйлөрдү, социалдык объектилерди коргоо максатында Министрликтин тиешелүү башкармалыктарынын башчыларына сел кармоочу курулма куруу тапшырмасын берди.

Иш сапардын соңунда Министр Нурболот Мирзахмедов Ала-Бука райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №73 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн абалы менен жеринен таанышып, өздүк курам менен баарлашып келди

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here