ӨКМде аппараттык кеңешме өткөрүлдү

0
93 просмотров

2019-жылдын 6-май күнү Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов жетекчилик кылган аппараттык кеңешме болду. Анда өлкөдөгү соңку 2 апта ичиндеги өзгөчө кырдаалдар, жаз-жай айларында күтүлүүчү табигый кырсыктарын алдын алуу багытында аткарылып жаткан иштер жана жайкы сууга түшүү мезгилине карата коопсуздук чараларын күчөтүү маселелери талкууланды. Аппараттык кеңешмеге министрликтин түзүмдүк жана аймактык башкармалыктарынын башчылары катышышты.

Жыйында министр Нурболот Мирзахмедов табигый кырсыктарды алдын алуу багытында кооптуу делген участкаларда алдын алуу иштерин сапаттуу жүргүзүүнү жана жай мезгилинде сууга түшүү убагы жакындап калгандыгына байланыштуу, сууга түшүүдө коопсуздук эрежелерин массалык түрдө жайылтууну, калктын коопсуздугун камсыз кылууну, коопсуздук эрежелери сакталбаган эс алуу жайлардын ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча тиешелүү органдарга кайрылууну тиешелүү түзүмдүк бөлүмдүн жана башкармалыктын башчыларына  тапшырма берди.

 КР ӨКМдин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here