2019-жылдын 6-майы  саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
49 просмотров

Шашылыш билдирүү: үшүк жүрүшү күтүлөт!

      2019-жылдын 6-майында Талас облусунун кээ бир райондорунда,  Чүй облусунун тоо этектериндеги райондорунда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч келтирет.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2019-жылдын 3-майында КР ӨКМнин телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

 2019-жылдын 5-майы саат 08:00дөн 6-май саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

 Сутка ичинде республиканын аймагында 7 өрт кырсыктаы катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 8 бөлүм тартылган.

 

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
1.     4-АӨКБ

1 б

1 13:24 13:31 13:33 13:45 13:55   Ленин району. Ч.Айтматов проспектиси  №29. Көп кабаттуу турак үйдүн жанында 4 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
Ош шаары
2.     13-АӨКБ

1 б

1 12:13 12:18 жеткенге чейин 12:57   Авиценна көчөсү №20А. 5 кабаттуу турак үйдүн жер төлөсүндө жеңил унаанын дөңгөлөгү күйгөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.
Ош облусу
3.     12-АӨКБ

1 б

1 б

1 16:35

16:48

16:45

16:58

17:25 18:20 18:49

18:11

  Кара-Суу району. Кызыл-Кыштак айылы, Мукумий көчөсү №31. Жыгач устундуу шифер жабылган 2 кабаттуу турак үйдүн 150  чарчы метр чатыры толугу менен күйгөн.  Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 3ствБ
4.     25-АӨКБ

1 б

1 04:37 04:43 04:51 05:15 05:22   Кара-Суу району. Кара-Суу шаары, Айтиев көчөсү №6/11. Жалпы аянты 12  чарчы метр болгон бастырма күйгөн.  Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
Талас облусу
5.     17-АӨКБ

1 б

1 11:51 12:00 12:05 12:20 12:37   Талас шаары. Садовое көчөсү №114. Жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 15  чарчы метр  чатыры 2 торопой күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 1ствБ
Баткен облусу
6.     26-ӨКБ

1 б

1 22:30 22:50 22:55 00:30 01:35   Баткен району. Кара-Бак айыл аймагы, Кара-Бак айылы, Келечек көчөсү №14. Жалпы аянты 120  чарчы метр  болгон  сарай толугу менен жана 200 түк чөп  күйгөн.  Өрттүн келип чыгуу себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 1ствБ
7.     62-ӨКБ

1 б

1 00:08 00:11 00:25 01:20 01:39   Кызыл-Кыя шаары. Жалская көчөсү №11/4. Жалпы аянты 15  чарчы метр болгон мончо толугу менен күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ

КР ӨКМнин Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болгон:

Биринчи Май району

 2019-жылдын 5-май күнү саат 08:35де Исанов көчөсүндөгү №1 үйдүн 8-кабатынан алдын ала маалыматга ылайык, эркек киши терезеден секирем деген  маалымат түшкөн. Жерине КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары жана ИИМ кызматкерлери барышып,  куткаруу аракеттерин жүргүзө баштаганда, эркек киши терезеден секирип каза болгон. (Маалымат 8:35 түшкөн, куткаруучулар 8:45 жеринде болушкан. Саат  9:25 эркек киши секирип кеткен.)

Свердлов району. 2019-жылдын 5-май күнү саат 22:40да КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары  Аламедин-1 кичи районундагы №7 үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Жалал-Абад облусу

Ноокен району. 2019-жылдын 5-май күнү саат 09:22 чамвасында Масы айылындагы жөө адамдар өтүүчү көпүрөдөн 1985-жылы туулган  эркек киши  Тоскоол-Ата сайындагы сууга түшүп кеткен. Жерине КР ӨКМнин №55 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барышып,  эркек кишини суудан чыгарып туугандарына өткөрүп беришкен, абалы канааттандыраарлык.

6-май күнү өлкө аймагында күтүлгөн аба-ырайы

 Жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Жалал-Абад облусу

Аксы району. Ак-Жол айыл аймагы. 2019-жылдын 2-май күнү саат 19:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен кокту колоттордон сел жүрүп, Ак-Жол айылындагы 5 турак үйдүн жана Шынаа тилкесиндеги 2 турак үйдүн огороддорун каптаган, турак үйлөргө зыян келтирилген эмес. Мындан сырткары  №38 ЖТИнин карамагындагы Райкомол-Кечүү ички чарбалык унаа жолунун 100 метр аралыгын, Эчкилик тилкесиндеги ички чарбалык унаа жолдун 1 чакырым аралыгын, Ак-Жол-Кечүү ички чарбалык унаа жолунун 4 жерин сел каптаган. Жол каттамдары ачык.

Кырсыктын кесепеттерин жоюуга №38 ЖТИнин кызматкерлери, 1 грейдер, 1 самосвал, 1 жүктөгүч, айыл аймактан 1 жүктөгүч, жергиликтүү тургундар тартылган.

Тартылган күчтөрдүн жардамында сел каптаган 7 турак үйдүн короолору жана Райкомол-Кечүү, Ак-Жол-Кечүү ички чарбалык унаа жолдору толук тазаланган. Мындан сырткары Эчкилик тилкесиндеги ички чарбалык унаа жолдун 850 метр аралыгы тазаланган. 6-май күнү тазалоо иш-чаралары улантылат.

Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

 Кыргыз Республиксынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 5-май күнү саат 12:54дө Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Ак-Шыйрак айылында 4,5 баллга, Ыштык айылында 3,5 баллга жана Кара-Сай айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Мындан сырткары Ак-Суу районунун Эңилчек, Кургак айылдарында 3 баллга, Койлуу, Таш-Короо, Май-Саз айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

 КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here