КР ӨКМ төмөндөгү административдик мамлекеттик бош орунун ээлөө үчүн ички конкурс жарыялайт

0
195 просмотров

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 23-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 “Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө” токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында конкурс өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүлүүнүн тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, төмөндөгү административдик мамлекеттик бош орунун ээлөө үчүн ички конкурс жарыялансын:

1.1.Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бухгалтердик эсеп жана отчеттулук бөлүмүнүн башчысы “Б-Б” – Бишкек шаары

Квалификациялык  жана жеке сапат талаптары:

Билими-жогорку, төмөнкү багыттар боюнча: экономика, финансы жана бухгалтердик эсеп жана аудит.

Стажы — жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

Төмөнкүлөрдү билүү:

-Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин;

-“Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн: 2017-жылдын 1-мартындагы №131 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-октябрындагы № 620 «Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскер кызматчыларынын акчалай акысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомун;

-Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 25-декабры № 137-П Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругун;

Функционалдык милдеттери:

— ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана/же макулдашуу;

— өзүнүн компетенттүүлүгүнүн чегинде актуалдуу маселелер боюнча маалыматтык-методикалык материалдарды түзүү;

— башкы китепти, ишеним каттарды каттоо китебин алып баруу жана ишеним каттардын өз убагында жабылуусун көзөмөлдөө.

— активдердин натыйжалуу жана максаттуу пайдалануусун көзөмөлдөө.

— өз ара эсептешүүлөрдү тактоо актыларын түзүү жана аларга кол коюу.

—  кассалык тартиптин сакталышына көзөмөл жүргүзүү.

— бөлүмдүн кызматкерлеринин бардык бухгалтердик эсептер боюнча эсепти алып баруусун көзөмөлдөө.

            — министрликтин борбордук аппараты боюнча казыналыкка тиешелүү төлөм документтерин даярдоо жана өткөрүү жана тиешелүү отчетторду өз убагында тапшыруу, №2, №15, №16 мемориалдык ордерлерин жана тиешелүү элементтер боюнча бухгалтердик  проводкаларды жүргүзүү.

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:

— жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;

— паспорттун көчүрмөсүн;

— керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);

            Документтерди 2019-жылдын 14-майына чейин Кадр башкармалыгынын персоналдар менен иштөө  бөлүмүнө тапшыруу керек.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here