Кызыл-Кыядагы бала бакчанын жетекчелирине өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча окуу болуп өттү

0
79 просмотров

Кызыл-Кыя шаарындагы бала бакчада «Өрт чыккан учурундагы аракеттер жана коопсуздук эрежелери» боюнча өрт-тактикалык окуу өткөрүлдү.

КР ӨКМнин Баткен облустук башкармалыгынын Кызыл-Кыя шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери «Алтын балалык» балдар бакчасында шаар аймагындагы 12 балдар бакчасынын жетекчилерине атайын окуу өткөрүштү.

Окууда өрт коопсуздук эрежелерин сактоо, биринчи өрт учурунда колдонуучу шайманды колдонуу, жабыркагандарга биринчи медициналык жарадам көрсөтүү жана өзгөчө кырдаалдар катталган учурда өзүн алып жүрүү эрежелерин үйрөтүштү.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here