Кадамжайдын базарында өрт коопсуздугун камсыз кылуу иш чаралары каралууда

0
81 просмотров

2019-жылдын  7-апрель күнү  Кадамжай районунун Халмион айыл аймагындагы «Баяман баатыр»  базарында» өрттүк-тактикалык машыгуу өткөрүлдү.

          Машыгуу учурунда базар ичиндеги атайын өрт өчүрүүчү автоунаалар жүрүүчү жолдун абалы текшерилип, өрт өчүрүүчү-куткаруучулар тарабынан базардагы өрт кырсыгын жоюу боюнча иш-аракеттери көрүлгөн. Мындан тышкары, соода-жай ээлерине, ижарачыларга жана базар кызматкерлерине базардагы өрт коопсуздук чаралары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

         Машыгууга  Кадамжай шаардык №76 ӨККБтөн 1 өрт өчүрүүчү 1 авариялык куткаруу автоунаасы Кыргыз-Кыштак айылындагы №107 ӨККБтөн 1 өрт өчүрүүчү автоунаа жана 15 куткаруучу 1 фелдшер, коомдук тартипти сактоо кызматынан 5 кызматкер, медицина кызматынан 1 тез жардам автоунаасы менен 2 кызматкер тартылган.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here