КР ӨКМнин Гидрометеорология боюнча агенттиги административдик бош мамлекеттик кызмат орундарга сынак жарыялайт

0
316 просмотров

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиги  Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 23-беренесине ылайык төмөндөгү административдик мамлекеттик кызмат орундарына сынак жарыялайт:

 Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын топторуна жалпы квалификациялык талаптар

 Административдик мамлекеттик улук кызмат орундары үчүн:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;

4) Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;

5) Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;

6) Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңешинин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын Этика кодекси;

— Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

— Компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктыларды колдоно билүү.

Административдик мамлекеттик кенже кызмат орундары үчүн:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2)Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;

3)Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңешинин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын Этика кодекси;

— Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

-Компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктыларды колдоно билүү.

Персоналды башкаруу жана документтик камсыздоо башкармалыгы

Кызматчылар менен иштөө бөлүмү

Жетектөөчү адиси (К-А)-1 бирдик:

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

— кайсы болбосун тармактагы жогорку кесиптик билим.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт.

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1.Төмөнкүлөрдү билүү:

— Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

-Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамдарын;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 358 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттик жөнүндө”, 2016-жылдын 29-декабрындагы №706 “Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө”, 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомдорун.

3.2. Билгичтиги:

-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны -практикалык иште колдонуу;

-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

-мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

-командада иштөө.

3.3.Көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу.

Финансы, бухгалтериялык эсеп жана отчеттуулук башкармалыгы

Бухгалтериялык эсеп жана отчёттуулук бөлүмү

  1. Адис (К-Б) – 2 бирдик:
  2. Кесиптик билимдин деңгээли:

-билими жогорку кесиптик, төмөндөгү багыттар боюнча: экономика жана башкаруу (финансы, бухгалтердик эсеп жана аудит, бухгалтердик эсеп жана отчёттуулук,  менеджмент, финансы жана кредит).

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт.

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1.Төмөнкүлөрдү билүү:

-Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;

-Кыргыз Республикасынын “Бухгалтериялык эсеп жөнүндө” мыйзамын;

-Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2017-жылдын 29-июнундагы № 97-Б “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругун.

3.2. Билгичтиги:

-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

-мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

-командада иштөө.

3.3.Көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу.

4.Кызматчынын кызматтык милдеттери

— агенттик боюнча айлык акынын эсебин ар айлык жыйынтыктамада чагылдыруу менен жүргүзүү;

— төлөөнүн бардык түрлөрүн — эмгек акы, сыйлоо, тамак-аш жана үлүш боюнча зыяндын ордун толтуруу (компенсация), убактылуу эмгекке жарамсыздыгы, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул ж.б. эсептерди айына бир жолу жүрүзүү жана аларды айдын акыркы күнүндөгү эсепке чагылдыруу.

 Маркетинг бөлүмү

  1. Башкы адис (пресс-катчы) (У-Б) – 1 бирдик:
  2. Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим, төмөнкү багыттар боюнча: гуманитардык илимдер (реклама жана коом менен байланыштар, журналистика, лингвистика, филологиялык билим берүү, кыргыз, орус тилдеринин филологиясы).

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

  3.1.Төмөнкүлөрдү билүү:

— Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

-Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”, “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзамдарын;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 358 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттик жөнүндө”, 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө”, 2013-жылдын 7-майындагы № 255 “Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомдорун.

3.2. Билгичтиги:

-пресс-релиздерди, маалымат бюллетендерин, сурап билме материалдарды жана башка маалымат продуктыларын даярдоо жана жайылтуу көндүмдөрү;

-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-аналитикалык документтерди даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

-эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

3.3.Көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

4.Кызматчынын кызматтык милдеттери

  • Агенттиктин уюштуруучулук ишмердүүлүгүнүн маселелери боюнча массалык маалымат каражаттары, брифингдер жана пресс-конференциялар үчүн Агенттиктин пресс-релиздеринин жана маалымдамаларынын долбоорлорун даярдайт;
  • Агенттиктин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн милдеттери жана ишмердүүлүктөрүнүн  жыйынтыктары тууралуу  массалык маалымат каражаттарынын жардамы менен калкты маалымдоо үчүн материалдарды даярдайт;
  • Агенттиктин ишмердүүлүгү жөнүндө тематикалык, адистештирилген телевизиондук жана радио берүүлөрдү даярдайт жана чыгарат
  • Кыргызгидрометтин ишмердүүлүгүн пропагандалоо боюнча ММК менен ырааттуу иштерди жүзөгө ашыруу;
  • Кыргызгидрометтин расмий сайтын өркүндөтүү жана тынымсыз жаңылоо боюнча сунуштарды берет, ж.б.у.с.

4.Башкы адис-маркетолог (У-Б) – 1 бирдик:

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим, төмөнкү багыттар боюнча: экономика жана башкаруу (маркетинг, бизнести башкаруу, менеджмент, экономика, коммерция, соода иши, менеджменти), гуманитардык илимдер (реклама жана коом менен байланыштар).

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1.Төмөнкүлөрдү билүү:

— Кыргыз Республикасынын: “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө” мыйзамын;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 358 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттик жөнүндө”, 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө”, 2013-жылдын 7-майындагы № 255 “Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомдорун.

3.2. Билгичтиги:

-базар коньюктурасын үйрөнүү жана кызмат көрсөтүүгө керектөөлөрдүн болжолдоолорун иштеп чыгуу көндүмдөрү;

-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-аналитикалык документтерди даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

-эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

 3.3.Көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу.

Гидрометеорологиялык байкоолор, болжолдоолор жана маалымат менен камсыздоо башкармалыгы (Гидрометборбору)

Метеорологиялык болжолдоолор бөлүмү  

  1. Жетектөөчү адис-синоптик (К-А) – 1 бирдик:
  2. Кесиптик билимдин деңгээли:

-жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: табият таануу илимдери: метеорология, гидрология, агрометеорология, физика, математика, география жана экология.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт.

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

  3.1.Төмөнкүлөрдү билүү:

— Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө” мыйзамын;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 358 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттик жөнүндө” токтомун.

3.2. Билгичтиги:

-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-метеорологиялык болжолдоо ыкмаларын билүү;

-атмосферанын математикалык моделдеринин жыйынтыгын талдоо;

-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

-мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

-командада иштөө.

3.3.Көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 Гидрологиялык болжолдоолор бөлүмү

  1. технологиялар боюнча башкы адис (У-Б) – 1 бирдик:
  2. Кесиптик билимдин деңгээли:

-жогорку билими, төмөндөгү багыттар боюнча: техникалык, телекоммуникациялык,  маалыматтык (Геомаалыматтык тутумдары “ГМТ”), инфокоммуникациялык технологиялар жана байланыш системасы, системалык талдоо жана башкаруу, техникалык системаны башкаруу, информациялык система жана  технологиялар, колдонмо информатика, программалык инженерия, интернет технологиялар жана башкаруу  боюнча жогорку билими.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1.Төмөнкүлөрдү билүү:

 — Кыргыз Республикасынын Суу Кодекси;

— Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө” мыйзамын;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 358 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттик жөнүндө” токтомун.

3.2. Билгичтиги:

     -маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-аналитикалык документтерди даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.

3.3.Көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу.

4.Кызматчынын кызматтык милдеттери

-стандарттык жана адистештирилген программалык камсыздоонун ишин камсыздайт;

-Кыргыз Республикасындагы дарыялардын агымынын түрдүүлүгүн күн мурунтан болжолдоолордун усулун иштеп чыгат;

-дарыялардын деңгээлинин  түрдүү убактысы менен күн мурунтан божомолдоо боюнча жаңы ыкмаларды жайылтат;

-зарылчылыкка жараша дарыялардын суулулугунун болжолдорун түзүү жана басып чыгаруу үчүн болжолдуулук жана усулдук жазмаларды жаңылайт;

-бир жылга белгиленген ыраат менен планга ылайык  суу сактагычтарга куйуучу дарыялардын суулуулугунун жана деңгээлинин түрдүү убакытка күн мурунтан гидрологиялык болжолун түзөт (маалдык ,айлык, он күндүк, беш күндүк);

-дарыялардын суулуулугунун болжолун түзүүгө ,  “ERDAS” жана     “ARGIS” программалары аркылуу эсептелип чыккан ыкманын негизинде аймактын кар түшүү деңгээли тууралуу маалымат даярдайт;

-колдонуучуларга жаңы программалык камсыздоону өздөштүрүүдө жардам көрсөтөт , жайылтылган компьютердик технологияларды пайдаланууга үйрөтөт.

 Метеорология жана климат бөлүмү  

  1. Башкы адис – климатолог (У-Б) – 1 бирдик:
  2. Кесиптик билимдин деңгээли:

-жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: табият таануу илимдери (гидрометеорология, гидрология, метеорология, агрометеорология, физика, география, экология), техносфердик коопсуздук, жер кыртышынын билими, жаратылышты колдонуу жана экология.

2.Иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1.Төмөнкүлөрдү билүү:

— Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө” мыйзамын;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 358 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттик жөнүндө” токтомун.

3.2. Билгичтиги::

-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-аналитикалык документтерди даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

-эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

3.3.Көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу..

4.Кызматчынын кызматтык милдеттери

-жыл сайын 8-10 станцияга, анын ичинде ЖКБСка инспекциялоолорду ишке ашырат. Өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу пландан сырткары жүрүштөргө чыгат;

-станциялардан жана посттордун түйүндөрүнөн келип түшкөн МК-1 коддук сыр белгилөө материалдарына сын көз менен көзөмөлдү жүргүзөт;

   -машиналык көзөмөлдүн маалыматтарынын негизинде метеомаалыматтардын

   материалдарына талдоо жүргүзөт жана метеомаалыматтарды санариптейт;

   -түйүндүк курамдардын иштери боюнча усулдук көрсөтмөлөрдү, талдоолорду жана

   жыйынтыктарды түзөт (байкоолордун планы жана сапаты боюнча, кол сыр

   белгилөөдө);

   -гидрометеорологиялык станциялардын жана посттордун түйүндөрүндөгү

     метеорологиялык байкоолордун планын түзүүгө катышат;

   -техник-метеорологдордун квалификациясын жогорулатуу боюнча жүргүзүлгөн

     курстук иш чараларга катышат жана уюштурат, эмгек тартибин сактайт;

   -техникалык окууларды уюштурат;

   -МК-1 маалыматтары боюнча түйүндөрдү жабдуулар жана шаймандар менен өз

    убагында камсыз кылат, жабдууларга оңдоп-түзөөнү жүргүзүү максатында

    түйүндөрдө техникалык каражаттарды колдонуунун эсебине көзөмөл жүргүзөт;

   -гидрометеорологиялык станциялардын жана посттордун ишине инспекция

   учурунда жардам көрсөтөт ж.б.у.с.

  1. lТ технологиялары боюнча башкы адис (У-Б) – 1 бирдик:
  2. Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: техникалык, автоматташтыруу жана башкаруу, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар багыттары боюнча телекоммуникация, маалымат технологиясы (Геомалыматтык тутум “ГМТ”), инфокоммуникациялык технологиялар жана байланыш системасы, системалык талдоо жана башкаруу, техникалык системаны башкаруу, информациялык система жана  технологиялар, колдонмо информатика, программалык инженерия, интернет технологиялар жана башкаруу боюнча жогорку билими.

2.Иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1.Төмөнкүлөрдү билүү:

— Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө” мыйзамын;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 358 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттик жөнүндө” токтомун.

3.2. Билгичтиги:

-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

-мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

-командада иштөө.

3.3.Көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу.

 Сынакка катышуу үчүн төмөнкү иш-кагаздарын  тапшыруу зарыл:

-арыз (бош кызмат орунун так аталышы менен), резюме;

-өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

-өздүк баракча сүрөтү менен;

-паспортунун же өздүктү күбөлөндүргөн документинин көчүрмөсү;

— эмгек китепчесинин көчүрмөсү, кесиптик билимин, илимий даражасын жана илимий наамын тастыктоочу документтердин нотариус аркылуу же персоналды башкаруу кызматтары аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү.

            Документтер конкурс жарыяланган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде төмөнкү дарекке тапшыруу керек: Бишкек шаары, Керимбекова  көч., 1, Кызматчылар менен иштөө бөлүмү 2-кабат, каб. 14 тел.:0312 31-46-99.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here