Жергиликтүү жетекчилерге өзгөчө кырдаалдар боюнча сабактар өткөрүлдү

0
76 просмотров

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Жарандык коргоо адистерин даярдоо,кайра даярдоо борборунун аймактык кафедрасынын кызматкерлери тарабынан кооптуу тилкелерде жашаган жарандарды өз убагында коопсуз жайларга жайгаштырууну камсыздоо максатында, 2019-жылдын 6-7-май күндөрү пландан сырткары өткөрүлүүчү окуулардын негизинде, Ош облусунун Өзгөн, Алай, Кара-Кулжа райондук эвакооргандарынын жетекчилик курамына өзгөчө кырдаалдар багытында күжүрмөн даярдыгын жогорлатуу боюнча сабактар өткөрүлдү.
Аталган окуунун жүрүшүндө
— өзгөчө кырдаалдардан жапа чеккен калкты кабыл алуу пункуттарын түзүү тартиби;
— кооптуу тилкелерде жашаган жарандарды коопсуз жайга көчүрүү жана камсыздоо эрежелери, тиешелүү укук ченем актылар боюнча;
— эвакуациялоо иш-чараларын жүргүзү тартиби;
— өзгөчө кырдаалдар катталган учурларда жүрүм-турум жана сактануу эрежелери боюнча теориялык жана практикалык ыкмалар менен түшүндүрүү иш-аракеттери жеткирилди.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here