2019-жылдын 13-майы  саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
80 просмотров

Шашылыш билдирүү!

 2019-жылдын 13-май күнү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт: Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. 12-майда күндүз Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба-ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2019-жылдын 13-май күнү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Ошол себептен, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2019-жылдын 11-май күнү КР ӨКМнин телефонограммалары чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

13-май күнү өлкө аймагында күтүлгөн аба-ырайы

 Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусу

Жумгал району. Чаек айыл аймагы. 2019-жылдын 12-май күнү саат 15:30 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту колоттордон сел жүрүп арыктардан ашып, Беш-Терек айылында 7 турак үйдүн бакчаларын (огород) каптаган, турак үйлөргө зыян келтирилген эмес.

Жерине  КР ӨКМнин райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу, жергиликтүү тургундардан 15 адам, айыл аймактан 1 экскаватор жана 1 самосвал тартылган.

Тартылган күчтөрдун жардамында 70 метр арык тазаланган. Кеч киргендигине байланыштуу жумуш убактылуу токтотулду. 13-май күнү иш-чара улантылат.

 2019-жылдын 12-майы саат 08:00дөн 13-май саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

 Сутка ичинде республиканын аймагында 4 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 4 бөлүм тартылган.

 

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек  шаары
1 2-АӨКБ

1 б

1 03:56 04:05 04:23 04:58 05:36   Свердлов району. Ак-Бата конушу, 6-көчө, 33-үй. Жыгач устундуу шифер жабылган  турак үйдүн 40 чарчы метр чатыры, 2 терезе, 2 эшик, төшөнчүлөр күйгөн. Өрттүн  келип чыгуу себеби  такталууда. 2ствБ
2 5-АӨКБ

1 б

1 05:22 05:29 05:54 07:16 07:57   Октябрь району. Тунгусский кыска көчөсү 4А. Жыгач устундуу черепица жабылган гараждын 60 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
Жалал-Абад облусу
3 35-ӨКБ

1 б

1 14:43 14:45 14:47 15:55 16:47   Ноокен  району. Масы айыл аймагы, Масы айылы, Пушкин көчөсү №15. Жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 75 чарчы метр чатыры, эшик, терезелер жана үй эмеректери күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 2ствБ
Чүй облусу
4 23-АӨКБ

1 б

1 21:10 21:23 21:33 21:38 21:55   Сокулук району. Гавриловка айылы,  Фрунзе көчөсү №3. Турак үйдүн жанында 400 чарчы метр камыш күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда 1ствБ

КР ӨКМнин Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болгон:

 Бишкек шаары

 Свердлов району. 2019-жылдын 12-май күнү саат 17:55де  КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Аламүдүн-1 кичи районунда жайгашкан №31 үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 Чүй облусу

Аламүдүн району. 2019-жылдын 12-май күнү саат 14:10до Өскөн-Ордо айылынын 5-көчөсүнүн үйүнөн жылан чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Куткаруучулар жерине барып жыланды издеп табышкан эмес.

 Жалал-Абад облусу

 Кара-Көл шаары. 2019-жылдын 12-май күнү саат 08:30 чамасында  Бишкек-Ош унаа жолунун 427-чакырымында (Күрп-Сай тилкеси) “Хонда-Степ” үлгүсүндөгү  унаа менен “Тойота-Камри” унаасы кагышкан. Жол кырсыктын кесепетинен Тойота унаасындагы 2 жүргүнчү жабыркап (эркек: 1996-жылы туулган С.Ж., аял: 1965-жылы туулган К.А.), тез жардам кызматынын унаасында Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилген. Кырсык болгон жерге  КР ӨКМнин №94 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, жабыркагандарды тез жардам кызматынын унаасына салып беришкен.

 КР ӨКМнин басма сөз кызматы

 

 

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here