2019-жылдын 14-майы саат 08:00гө карата Кыргыз Респулбикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
34 просмотров

2019-жылдын 13-майы саат 08:00дөн 14-май саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

 Сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 16 бөлүм тартылган. 

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
1 АӨКБ-№28

1 б

1 18:16 18:30 18:50 19:06 19:55   Ленин району. Жогорку Орок айылы. Кырк- Кербен көчөсү №12. Турак үйдүн бир  бөлмөсүндө 70 чарчы метр үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
2 АӨКБ-№6

1 б

1 05:44 05:56 жеткенге чейин 06:28   Ленин району. Купянская №46.  Турак үй күйүп жатат деген маалымат түшкөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчкөн.
Чүй облусу
3 АӨКБ-№17

1 б

1 17:05 жеткенге чейин 17:20   Аламүдүн району. Лебединовка айылы, Совет  көчөсү №38а. Куураган чөп күйүп жатат деген маалымат түшкөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.
4 АӨКБ-№22

1 б

1 17:16 17:24 17:50 18:30 18:40   Жайыл району.  Кара-Балта шаары, Интернационал көчөсү №11. Жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 60 ч.

Арчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

1ствБ
5 АӨКБ-№24

1 б

1 18:20 18:22 18:26 18:35 18:39   Токмок шаары. 1-кичирайону. Фрунзе көчөсүндө жайгашкан №5-жатакананын жанында 15 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.  1ствБ
6 ӨКБ-№4

1 б

1 20:17 20:35 жеткенге чейин 22:03   Ысык-Ата району. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 36 чакырымында  “Нива Шевроле” үлгүсүндөгү унаа күйгөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүргөн.
Ысык-Көл облусу
7 ӨКБ-№19

1 б

1 12:12 12:20 12:30 13:07 14:00   Балыкчы шаары. Нарын Шоссеси көчөсүндө жайгашкан көмөк чордон жана 50 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
Нарын  облусу
8 ӨКБ-№42

1 б

1 07:34 07:40 07:50 08:10 08:15   Кочкор району. Кочкор  айылы, Токтогул көчөсү  №5. “Ауди-100” үлгүсүндөгү автоунаа толугу менен  күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
Ош шаары
9 ӨКБ-№109

1 б

1 14:54 15:00 15:10 15:21 15:36   Ак-Тилек кичи району. 12 көчөсү №28. Аянты  12 чарчы метр болгон бастырма күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби: отко этиятсыздык менен мамиле кылуу. 1ствБ
Ош облусу
10 АӨКБ-№12

2 б

АӨКБ-№13

1 б

1 б

ӨКБ-№85

1 б

ӨКБ-№109

1 б

ӨКБ-№102

1 б

ШТАБ

1 20:21

20:27

20:31

20:40

20:42

20:40

20:27

20:30

20:36

20:43

20:59

20:59

21:00

20:36

21:22 22:36

 

 

 

23:17

20:36

22:33

22:49

22:29

23:55

23:08

23:20

  Кара-Суу району. Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Жаңы-Турмуш айылынын Ибн Сина көчөсүндөгү турак үйлөрдүн чатырлары күйгөн: 1- турак үйдүн 64 чарчы метр чатыры, 2- турак үйдүн 200 чарчы метр чатыры,  3- турак үйдүн  200 чарчы метр чатыры жана 4- турак үйдүн 165 чарчы метр чатырлары күйгөн. Өрт кырсыгынын натыйжасында 4 турак үйлөрдүн жалпы 629 чарчы метр жыгач устундуу тунуке жабылган чатырлары күйгөн.  Өрттүн келип чыгуу болжолдуу себеби:  электр шаймандарын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу (электр зымдарынын кыска туташуусу). 6ствБ

2ствА

КР ӨКМнин Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болгон:

Бишкек шаары

 Ленин району.  2019-жылдын 13-май күнү саат 15:08де  КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Жал кичи районунда жайгашкан №4/2 үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 Ленин району. 2019-жылдын 13-май күнү саат 16:47 чамасында КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары И. Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан №187 үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен.

14-май күнү өлкө аймагында күтүлгөн аба-ырайы

 Жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Ош облусу

Кара-Суу району. 2019-жылдын 13-май күнү саат 20:20 чамасында Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Жаңы-Турмуш  айылынын Ибн-Сина көчөсүндө катар жайгашкан төрт турак үйлөрдүн болжол менен жалпы 629 чарчы метр жыгач устундуу темир менен жабылган чатырлары күйгөн. Өрттөн жабыркагандар жана каза болгондор катталган жок.

Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин Ош облустук башкармалыгынан жана Борбордук аппаратынын ыкчам топтору, КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу КБП (ППУ), КР ӨКМнин Ош шаардык №12-Аскерлештирилген өрт куткаруу бөлүмүнөн (АӨКБ) 2 бөлүм, КР ӨКМнин Ош шаардык №13 АӨКБдан 2 бөлүм, КР ӨКМнин Ош шаардык №109 Өрт –куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, КР ӨКМнин Ош шаардык №85 ӨККБдан 1 бөлүм, КР ӨКМнин Кара-Суу райондук №102 ӨККБдан 1 бөлүм. Мындан сырткары КР ИИМнен 15 кызматкер, тез жардам кызматынан 1 бригада, Газпром мекемесинен 4 кызматкер, РЭТ кызматынан 2 кызматкер тартылган.

Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 21:22де чектөөгө алынып, саат 22:36да толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттүн келип чыгуу болжолдуу себеби: электр шаймандарын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушунан (электр зымдарынын кыска туташуусу).

Нарын облусу

Жумгал району. Чаек айыл аймагы. 2019-жылдын 12-май күнү саат 15:30 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту колоттордон сел жүрүп арыктардан ашып, Беш-Терек айылында 7 турак үйдүн бакчаларын (огород) каптаган, турак үйлөргө зыян келтирилген эмес.

Жерине КР ӨКМнин райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу, жергиликтүү тургундардан 20 адам, айыл аймактан 1 экскаватор тартылып, 13 май күнү тартылган күчтөрдүн жардамында 50 метр арык жана 20 метр ички чарбалык жол тазаланып, иш-чаралар толугу менен аяктады. Жалпысынан 120 метр арык жана 20 метр ички чарбалык жол тазаланган.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here