Кара-Суу районунда 4 турак үйдүн чатырынын жалпы 629 чарчы метри күйдү, бактыга жараша жабыркагандар жана каза болгондор катталган жок

0
61 просмотров

2019-жылдын 13-май күнү саат 20:20 чамасында Ош облусунун Кара-Суу районунун  Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Жаңы-Турмуш  айылынын Ибн-Сина көчөсүндө катар жайгашкан төрт турак үйлөрдүн болжол менен жалпы 629 чарчы метр жыгач устундуу темир менен жабылган чатырлары күйгөн. Өрттөн жабыркагандар жана каза болгондор катталган жок.

Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин Ош облустук башкармалыгынан жана Борбордук аппаратынын ыкчам топтору, КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу КБП (ППУ), КР ӨКМнин Ош шаардык №12-Аскерлештирилген өрт куткаруу бөлүмүнөн (АӨКБ) 2 бөлүм, КР ӨКМнин Ош шаардык №13 АӨКБдан 2 бөлүм, КР ӨКМнин Ош шаардык №109 Өрт –куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, КР ӨКМнин Ош шаардык №85 ӨККБдан 1 бөлүм, КР ӨКМнин Кара-Суу райондук №102 ӨККБдан 1 бөлүм, жалпы 7 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Мындан сырткары КР ИИМнен 15 кызматкер, тез жардам кызматынан 1 бригада, Газпром мекемесинен 4 кызматкер, РЭТ кызматынан 2 кызматкер тартылган.

Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 21:22де чектөөгө алынып, саат 22:36да толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттүн келип чыгуу болжолдуу себеби: электр шаймандарын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушунан (электр зымдарынын кыска туташуусу).

 КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here