Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги төмөндөгү административдик мамлекеттик кызмат орундарга сынак жарыялайт

0
143 просмотров

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 23-беренесине ылайык төмөндөгү административдик мамлекеттик кызмат орундарына сынак жарыялайт:

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Каржы, бухгалтердик эсеп жана отчеттулук башкармалыгынын бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бөлүмүнүн жетектөөчү адиси –“К-А” – Бишкек шаары

Квалификациялык жана жеке сапат талаптары:

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

-жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: экономика, бухгалтердик эсеп жана аудит, финансы;

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт.

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү: жалпы мыйзам актылары- Кыргыз Республикасынын Конституциясы; “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы; Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси.

жана тиешелүү тармактар боюнча – КР Бюджеттик кодексин; “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн: 2017-жылдын 1-мартындагы №131 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө»; КР Финансы министрлигинин 2018-жылдын 25-декабры № 137-П Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругун;

— “1С бухгалтерия” программасын жогорку деңгээлде билүү жана сертификатынын болуусу;

Функционалдык милдеттери:

-2211 “Кызматтык иш сапарлар”, 2212 “Коммуналдык кызматтар жана байланыш кызматы”, 2214 “Транспорттук кызматтар”, 2215 “Башка кызматтарды сатып алуу”, 2217 “Медикаменттерди жана медициналык жасалгаларды сатып алуу”,  2222 “Предметтерди жана материалдарды сатып алуу” чыгымдар статьялары боюнча  3217110 “Кызматкерлердин дебитордук карыздары”, 3317110 “Кызматкерлердин кредитордук карыздары” бухгалтердик счеттору боюнча эсеп жүргүзүү, эсептин тактыгын камсыздоо, министрликтин борбордук аппараты жана борборлоштурулган чыгымдар эсеп-чоту боюнча казыналыкка тиешелүү төлөм документтерин даярдоо жана өткөрүү жана тиешелүү отчетторду өз убагында тапшыруу, №1, №2, №8, №15, №16 мемориалдык ордерлерин жана тиешелүү элементтер боюнча бухгалтердик  проводкаларды  жүргүзүү.

Сынака катышуу үчүн төмөнкү иш-кагаздарын  тапшыруу зарыл:

-арыз (бош кызмат орунун так аталышы менен), резюме;

-өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

-өздүк баракча сүрөтү менен;

-паспортунун же өздүктү күбөлөндүргөн документинин көчүрмөсү;

— эмгек китепчесинин көчүрмөсү, кесиптик билимин, илимий даражасын жана илимий наамын тастыктоочу документтердин нотариус аркылуу же персоналды башкаруу кызматтары аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү.

Сынака катышуу үчүн бардык калоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, жарыя чыккан күндөн тартып 2019-жылдын 27-майына чейин төмөнкү даректер боюнча тапшыруу керек:

Ош шаары, Моминова көчөсү, 11, 3-кабат, каб.302. тел.:03222-20811,

Бишкек шаары, А.Токтоналиева көчөсү, 2/1, 4-кабат, каб. 409 тел.: 548945

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here