2019-жылдын 15-майы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
80 просмотров

2019-жылдын 14-майы саат 08:00дөн 15-май саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

 Сутка ичинде республиканын аймагында 6 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 7 бөлүм тартылган.

 

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
1.     5-АӨКБ

1 б

 

1 08:59 09:11 жеткенге чейин 09:55   Октябрь району. Юнусалиев көчөсү №171. Имараттын электр зымдары күйгөн. Өрттүн кетип чыгуу себеби такталууда.
Ош шаары
2.     12-АӨКБ

1 б

1 22:22 22:27 22:35 23:15 23:32   Ленин көчөсү №306. Имараттын 6 чарчы метр чатыры күйгөн.  Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
Ош облусу
3.     88-ӨКБ

1 б

1 12:56 13:59 15:05   Чоң-Алай району. Кашка-Суу айыл аймагы, Бурган-Суу айылы. Ачык аянтта куураган чөп күйүп жатат деген  маалымат тастыкталган жок.
Чүй облусу
4.     23-АӨКБ

1 б

1 15:27 15:37 16:06 17:16 17:39   Сокулук району. Гавриловка айылы, Тургенев көчөсү. Ачык аянтта 2 га куураган чөп жана камыш күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
5.     2-ӨКБ

1 б

1 17:12 17:31 17:42 17:52 18:29   Панфилов району. Күрпүлдөк айылы. Буудай жыйноочу темир кампанын ичинде 6 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби: балдардын от менен болгон шоктугу. 1ствБ
6.     8-АӨКБ

1 б

1 22:28 22:40 22:49 23:04 23:35   Аламүдүн району. Пригородный айылы, Юбилейный көчөсү. 10 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
Ысык-Көл облусу
7.     31-ӨКБ

1 б

1 19:26 19:41 19:50 19:58 20:28   Ысык-Көл району. Сары-Ой айылы, Нурдөөлөт көчөсү №131. Турак үйдүн электр зымдары жана  6 чарчы метр дубалы күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу. 1ствБ

 КР ӨКМнин Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болгон:

 Бишкек шаары

 Октябрь району. 2019-жылдын 14-май күнү саат 10:18де КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Малдыбаев көчөсүндөгү №34 үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 Свердлов району. 2019-жылдын 14-май күнү саат 12:22 чамасында  КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Чүй проспектисинде жайгашкан №30 үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен. Батирдин ичинде аял кишинин жансыз денеси табылган. Куткаруучулар маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

 Чүй облусу

 Токмок шаары. 2019-жылдын 14-май күнү саат 13:35де  КР ӨКМнин №21 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Дубовицкий көчөсүндөгү №122 үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 Аламүдүн району. 2019-жылдын 14-май күнү саат 17:46 чамасында  ГЭС-2 айылынын Гоголь көчөсүндө Чон Чүй каналына  2010-жылы туулган А у. А. аттуу бала чөгүп кеткен. Издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин №1 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, саат 18:32де баланыны жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

 15-май күнү өлкө аймагында күтүлгөн аба-ырайы

 Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here