Аравандагы мектептерде сууга түшүү эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлдү

0
47 просмотров

2019-жылдын 14-майында КР ӨКМнин Араван району боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери Араван районунун Манас, Т.Айтматов жана  Р. Тохтахунова атындагы орто мектептериндеги окуучуларга жана мугалимдерге жайкы сууга түшүү мезгилинде сакталуучу коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Иш-чаранын максаты сууга түшүү мезгилине карата эл арасында коопсуздук эжежелери боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү болуп саналат.

Мектептердеги окуучуларга жана мугалимдерге чукул кырдаал мезгилинде өзүн-өзү алып жүрүү эрежелери, айрыкча сууга түшүү мезгилинде адам өмүрлөрүн сактап калуу үчүн коопсуздук эрежелерин так сактоо эскертилди:

—         сууга уруксат кылынган жайда гана чоңдордун көзөмөлүндө түшүү керек;

—         тааныш эмес, балыры көп, алыс жерлерге чейин барууга тыюу салынат;

—         кайыктын, катамарандын артынан кубалап, асылууга, жабышууга болбойт;

—         күн бүркөөдө же катуу шамал башталганда сууга түшүүгө болбойт;

—         үйлөмө матрацтарда, жаздыкчаларда, дөңгөлөктүн камерасында сүзүүгө болбойт, ал жарылып кетсе, адам кокусунан терең жерге түшүп кетет, бул сүзгөндү жакшы билгендер үчүн да коркунучтуу;

—         көпүрөлөрдөн, тосмолордон, кеме токтоочу жайлардан, кайыктан жана катерлерден сууга секируугө болбойт ж.б.

Ошондой эле, ата-энелерге балдарды кароосуз калтырбоо керектиги эскертилди.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here