Кыргызстанда Жарандык коргонуу башкаруу органдары менен өтүүчү команда-штабдык машыгуу башталды

0
113 просмотров

     2019-жылдын 15-17-майындагы республикалык Жарандык коргонуу башкаруу органдары менен өтүүчү «Өзгөчө кырдаал  коркунучу пайда болгондо жана келип чыккан учурда Жарандык коргонуу башкаруу органдарынын, күч- каражаттарынын иш-аракеттери» темасындагы команда-штабдык машыгуу башталды.                

Машыгуу төмөнкү негизги максаттарды камтыйт:

Биринчиси: Республиканын  аймагында өзгөчө кырдаалдар коркунучу пайда болгондо жана өзгөчө кырдаалдар катталган учурда республикалык Жарандык коргонуу башкаруу органдарынын, күч-каражаттарынын иш-аракеттерин жүргүзүү, алардын өз ара аракеттешүүсүн камсыздоо, чалгындоо жана куткаруу иш-чараларын жүргүзүү. Эң башкысы кандай кырдаал жаралбасын биринчи кезекте адамдардын өмүрлөрүн сактап калуу негизги милдет болуп эсептелет. Ошондой эле, Жарандык коргонуу жетекчисинин чечимдерди кабыл алуусуна ар тараптуу көмөк көрсөтүү, өзгөчө кырдаалдардан жарандардын коопсуздугун  ар тараптуу камсыздоо болуп эсептелет.

Экинчиси: Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу багытында Жарандык коргонуу башкаруу органдарынын тиешелүү күчтөрдү жана каражаттарды башкаруу жөндөмдүүлүктөрүн өрчүтүү болуп эсептелет.

Машыгуунун өтүү тартиби:

Машыгуунун өтүшү өзгөчө кырдаал коркунучу пайда болгондогу жана өзгөчө кырдаал катталган учурдагы Жарандык коргонуу башкаруу органдарынын, күчтөрүнүн жана каражаттарынын иш-аракеттерин көргөзгөн, бири-бири менен байланышкан 2 баскычтан турат.

Биринчи баскыч – Жер титирөө коркунучу пайда болгон учурда Жарандык коргонуу башкаруу органдарынын жана күч-каражаттарынын иш-аракеттерин көргөзөт. 

Экинчи баскыч – Жер титирөө катталган учурда авариялык- куткаруу жана башка кечиктирилгис иш-чаралардын, ошондой эле жапа чеккен калкты ар тараптуу камсыздоо иш-чараларынын уюштурулушун көргөзөт. Андан сырткары 17-май күнү Чүй облусунун аймагында машыгуунун практикалык иш-чаралары өткөрүлөт.

Кошумча маалымат:

 Жарандык коргонууга төмөнкү кызматтар кирет:

  1. КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы  жана мелиорация министрлиги -КР Жарандык коргонуусунун өсүмдүктөрдү жана суу ресурстарын коргоо кызматы;
  2. КР Транспорт жана жол министрлиги — КР Жарандык коргонуунун автотранспорттук кызматы;
  3. КР Ички иштер министрлиги — КР Жарандык коргонуусунун коомдук тартипти сактоо кызматы;
  4. КР Саламаттык сактоо министрлиги КР Жарандык коргонуунун медициналык кызматы;
  5. КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги — КР Жарандык коргонуусунун социалдык коргоо кызматы;
  6. КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети — КР Жарандык коргонуусунун энергия менен жабдуу жана жарыкты чүмбөттөө кызматы;
  7. КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги– КР Жарандык коргонуусунун инженердик кызматы;
  8. КР Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети — КР Жарандык коргонуусунун кабарлоо жана байланыш кызматы;
  9. КР Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы — КР Жарандык коргонуусунун жаныбарларды коргоо кызматы;
  10. КР Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги — КР Жарандык коргонуусунун радиациялык – химиялык коргоо кызматы;
  11. КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фонду КР Жарандык коргонуусунун материалдык баалуулуктарды топтоо, сактоо жана чыгаруу кызматы;
  12. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети — КР Жарандык коргонуусунун коммуналдык-техникалык кызматы.

КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери — Жарандык коргонуу жетекчилери болуп саналат.

 КР ӨКМдин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here