Сууга түшүүгө ыңгайлаштырылбаган суу объектилери кооптуулукту жаратат

0
3 245 просмотров

КР Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун тапшырмасынын негизинде, министрликтин Суучулдар кызматы өлкө аймагындагы сууга түшүүгө ыңгайлаштырылбаган суу объектилеринин кооптуулугун жеринен аныктап жатышат. Маселен, 14-15-май күндөрү суучулдар Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жайгашкан “Бачок” участкасында суу астындагы иштерин жүргүзүштү: жалпысынан 25 метр тереңдикке чейин суу астында болушуп, жээктен 12 метр тереңдикте ар кандай көлөмдөгү темир-тезектер, таштандылар, 1 метрлик балыр чөптөр бар экенин билдиришти.

КР ӨКМдин Суучулдар кызматынын башчысы полковник Урматбек Шамырканов билдиргендей, “Бачок” участкасы сууга түшүүгө ынгайлашкан эмес, жана эс алуу максатында сууга түшүүгө келген жарандарга коркунуч туудурат. “Бул жер сууга түшкөнгө болбойт, жарандар чөгүп кетиши мүмкүн”, — деди полковник Урмат Шамырканов.

“Бачок” участкасы Ноокен районунун Достук айыл аймагынын Бишкек-Ош автоунаа жолунун 444-чакырымынын оң тарабында, Таш-Көмүр ГЭСнин түндүк тарабында жайгашкан. Болжол менен терендиги 75 метрди түзөт. Акыркы 5 жыл аралыгында 3 адам сууга чөгүп каза болгон.

Мындай иш-чаралар республиканын кооптуулук жараткан суу объектилеринде өткөрүлүп жатат.

 КР ӨКМдин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here