Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун Баткен облусуна болгон иш сапары башталды

0
102 просмотров

Бүгүн 21-май Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов жумушчу иш сапары менен Баткен облусуна барды. Анда министр кооптуу аймактарга барып, жеринен чечимдерди кабыл алынуусу күтүлүүдө. Ошону менен катар эле буга чейинки берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча жеринен таанышууну көздөөдө.

Министрдин жумушчу сапары алгач Лейлек районунун Лейлек айыл аймагына караштуу Коргон айылынан башталды. Аталган айылда К.Сабыров орто мектебине жакын жерде, 100 п/м аралыкты жээк сүрүү жана жээк бекемдөө жумушу аткарылып, 140 даана габион торчолору берилип, жээк бекемдөө жумушу менен таанышты жана аталган объектиге кошумча 100 даана габион бөлүп берүү боюнча тапшырма берди.
Андан сон Лейлек районунун Тайлан айылынын кире беришиндеги Исфана-Тайлан-Ак-Булак унаа жолунун 3 чакырым аралыгында Тайлансай сел өтүүчү сайдан жыл сайын жаан-чачындын кесепетинен сел жүргөн учурларда жана кыш мезгилинде Ак-Булак, Тайлан, Ак-Тилек (Равахана) айылдарынын тургундары райондун борбору менен каттамдары үзгүлтүккө учурап, кыйынчылык жаралып келүүдө. Айылдардын жашоочуларынын турмуш-тиричилик, көйгөйлөрүн эске алуу менен сел жүргөн, кыш мезгилдеринде каттамды үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында узундугу 20 метр, туурасы 4 метр көпүрө куруу маселеси каралып, тиешелүү жетекчилерге көпүрө куруу боюнча сунуш даярдоону тапшырды. 


Андан ары, Исфана шаарынын Чимген айылындагы Шорбулак сайынын жээгинде жайгашкан турак үйлөрдү коргоо максатында сай жээктерин бекемдөө иштерине күбө болуп, Чимген айылынын ылдый жагына дамба куруу боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырма берди. Ошондой эле Исфана шаарынын Беш-Бала айылындагы “Исфана-Сай” сел өтүүчү сайына көпүрө куруу маселеси каралды. 


2019-жыл Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына” карата ӨКМнин министри Нурболот Мирзахмедов Баткен облусунун аймагында жайгашкан авариялык ички көпүрөлөр жана кооптуу аймактарды көрөт.


Статистикага таянсак, Баткен аймагында 2018-жыл ичинде 16 кырсык катталып, анын ичинен 15 табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар (көпчүлүгү сел), ал эми 2017-жылы 11 өзгөчө кырдаалдар катталып, анын ичинен 9 табигый кырсык болуп эсептелинген (көпчүлүгү сел).

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here