2019-жылдын 21-майы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
94 просмотров

Шашылыш билдирүү: тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн!

Кыргызстандын аймагында 22-23-май күндөрү туруксуз аба-ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир тоолуу райондордо жана  тоо этектеринде мөндүр жаашы мүмкүн. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба-ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2019-жылдын 22-23-май күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Ошол себептен, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2019-жылдын 20-май күнү КР ӨКМнин телефонограммалары чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалыматтар жиберилген.

21-май күнү өлкө аймагында күтүлгөн аба-ырайы

 Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө 26…31°, Талас өрөөнүндө 23…28°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 27…32°, Ысык-Көл ойдуңунда 19…24°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 18…23°, тоолуу райондордо 5…10° жылуу болушу күтүлөт.

Ош облусу

Кара-Суу району. 2019-жылдын 19-май күнү саат 17:00 чамасында катуу жааган жаандан кокту колоттордон келген сел сууларынын кесепетинен Ош-Папан-Кожо-Келең унаа жолунун 12-13-чакырым аралыктарында сел жүрүп,  жергиликтүү тургундардын 25 баш бодо малын агызып кеткен.

Кырсык болгон жерге КР ӨКМнин Ош облустук башкармалыгынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусунун башчылыгында ыкчам топ, КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 7 куткаруучу, КР ӨКМнин Кара-Суу районундагы №25 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 21 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылган.

Тартылган күчтөрдүн жардамында Папан суу сактагычынан жалпы 25 баш бодо малдын өлүгү чыгарылып,  Папан айылындагы жайытка көмүлгөн. Иш-чаралар саат 20:15те толук аяктаган.

 Баткен облусу

Лейлек району. Лейлек айыл аймагы. 2019-жылдын 17-май күнү саат 16:40 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен кокту колоттордон келген шагыл аралаш сел суулары Ак-Терек айылында ички чарбалык унаа жолунун 15 чакырым аралыгын жана 3 чакырым ички чарбалык арыктарын кум шагылдарга толтурган.

Катраң айыл аймагы. 2019-жылдын 17-май күнү саат 16:40 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен кокту колоттордон келген шагыл аралаш сел суулар Коргон-Катраң ички чарбалык унаа жолунун айрым жерлерин кум-шагылша толтурган.   Селден жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Кырсыктын кесепетин жоюуга  №13 ЖТИнан 2 жүктөгүч тартылган.

 20-май күнү Катран айыл аймагынын  ички чарбалык унаа жолунун 1,5 чакырым аралыгы шагылдан тазаланып, саат 13:30да жумуш токтотулган. Тазалоо иш-чаралары 21-май күнү улантылат.

Лейлек району. Бешкент айыл аймагы. 2019-жылдын 19-май күнү болжол менен саат 16:08 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен, Бешкент айылынын Шоро тилкесин жана Лайлы айылын аралап өткөн сел өтүүчү каналдан суу ашып, Бешкент-Маргун ички чарбалык унаа жолун жана арыктарды суу каптап, шагылга толтурган.

Сумбула айыл аймагы. Катуу жааган жамгырдын кесепетинен Көк-Таш айылынын ички чарбалык унаа жолдорун сел каптаган.

Маргун айыл аймагы.  Катуу жааган жамгырдын кесепетинен Маргун-Чурбек ички чарбалык унаа жолунун 3 чакырым аралыгын сел каптаган.

Турак үйлөргө жана чарбалык курулуштарга коркунуч келтирилген эмес.

Кырсыктардын кесепеттерин жоюуга №13 ЖТИнан 2 жүктөгүч, 1 грейдер,  Маргун айыл аймагынан 1 жүктөгүч, жеке менчик 2 жүктөгүч, жергиликтүү тургундардан 100 адам, Бешкент айыл аймагынан 1 трактор тартылган.

20-май күнү тартылган техникалардын жардамында Бешкент айыл аймагынын ички чарбалык унаа жолунун 2 чакырым аралыгы, Сумбула айыл аймагынын ички чарбалык унаа жолунун 2 чакырым аралыгы, Маргун айыл аймагынын Маргун-Чурбек ички чарбалык унаа жолунун 3 чакырым аралыгы толук тазаланып ачылган.

Кеч киргендигине байланыштуу тазалоо иш-чаралары саат 20:00дө убактылуу токтотулган. Тазалоо иш-чаралары 21-май күнү улантылат.

2019-жылдын 20-майы саат 08:00дөн 21-май саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Сутка ичинде республиканын аймагында 6 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 6 бөлүм тартылган.

 

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
     1.            4-АӨКБ

1 б

1 19:44 19:52 19:56 20:00 20:11   Биринчи Май району. Бөкөнбаев-Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде таштанды таштоочу жайда 1,5 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби такталууда. 1 ствБ
Ысык-Көл облусу
     2.            15-АӨКБ

1 б

1 13:15 010 13:53 14:25 15:34   Түп району. Михайловка айылы. Ачык аянтта 4500  чарчы метр камыш күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби такталууда. 1 ствБ
     3.            34-ӨКБ

1 б

1 19:00 19:28 19:38 21:05 21:40   Түп району. Көөчү айылы Тынчтык көчөсү №51. Жыгач устундуу темир жабылган сарайдын 140  чарчы метр  чатыры жана 50 түк чөп күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1 ствБ
Жалал-Абад облусу
     4.            20-АӨКБ

1 б

1 20:03 20:13 20:14 20:40 21:10   Жалал-Абад шаары. Абдрахманов көчөсү. Аянтта 2 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби такталууда 1 ствБ
     5.            20-АӨКБ

1 б

1 23:47 23:52 23:53 23:57 00:19   Жалал-Абад шаары. Шопоков көчөсүндө таштанды таштоочу жайда 3  чарчы метр  таштанды күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби такталууда. 1 ствБ
Баткен облусу
     6.            75-ӨКБ

1 б

1 00:59 01:07 01:18 01:31 02:25   Кадамжай району. Масалиев  айыл аймагы, Кара-Дөбө  айылы,  Кадамжайская көчөсү №615. Чайхананын ашканасында аянты 3  чарчы метр мору жана чатыры күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби: жылытуучу меш менен мордун туура  эмес түзүлүшү. 1 ствБ

КР ӨКМнин Куткаруу кызматтары тарабынан 9 чыгуу болгон:

Бишкек шаары

 Октябрь району. 2019-жылдын 20-май күнү саат 23:05де КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Тунгуч кичи районунда жайгашкан №36/2 үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Чүй облусу

 Ысык-Ата району. 2019-жылдын 20-май күнү саат 09:53 чамасында Кеңеш айылынын Осмон-Темир көчөсүндө жайгашкан каналга  2015-жылы туулган Ө.Н. аттуу жаш бала түшүп кеткен. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин №27 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 10 куткаруучу, ИИМ кызматынан 10 кызматкер жана жергиликтүү тургундурдан 10 адам тартылып, саат 10:33тө куткаруучулар тарабынан маркумдун жансыз денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. 

 Жайыл району. 2019-жылдын 20-май күнү саат 08:29 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 103-чакырымында Мазда-Демио унаасы Волво үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасынын артын сүзүп алган. Унаанын ичинде 4 эркек адам болгон. Кырсыктын кесепетинен 2 адам каза болуп, 2 адам жабыркаган. Куткаруучулар каза болгон жана жабыркаган адамдарды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Тез жардам кызматы каза болгон жана жабыркаган адамдарды Кара-Балта шаардык ооруканага жеткирген.

 Жалал-Абад облусу

 Таш-Көмүр шаары. 2019-жылдын 20-май күнү саат 14:10 КР ӨКМнин Республикалык өзүнчо куткаруу отрядынын  2-Өзүнчө издөо куткаруу отрядынын куткаруучулары Кичи Курулуш аймактык башкармалыгынын №5 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 Жалал-Абад шаары. 2019-жылдын 20-май күнү саат 18:24тө КР ӨКМнин №58 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Р. Азимова көчөсүндөгү №66 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Ысык-Көл облусу

 Каракол шаары. . 2019-жылдын 20-май күнү саат 19:05де Жакыпов көчосүнүн №40 үйүнүн батиринин ичинде газ чыккандыгы туралуу маалымат түшкөн. КР ӨКМнин №15 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары газ балондон редукторду ажыратып, батирдин балконуна чыгарышкан.

Нарын облусу

 Нарын району. . 2019-жылдын 17-май күнү Миң-Булак айылындагы Он-Арча суусуна 2013-жылы туулган С.Н. аттуу кыз түшүп кеткен. 20-май күнү издөө иштерин улантуу максатында Нарын шаардык №16 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 20 куткаруучу, КР ӨКМнин Суучулдар кызматынан 4 суучул жана жергиликтүү тургундардан 25 адам тартылып, издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн, натыйжа болбогондуктан саат 18:40та издөө иштери убактылуу токтотулган.

Баткен облусу

 Лейлек району. . 2019-жылдын 20-май күнү саат 08:55 чамасында Кулунду айылынын Кашкабаев көчөсүндө Нива унаасынын айдоочусу 1 эркек адамды (аты жөнү такталууда) сүзүп алган. Жерине КР ӨКМнин Лейлек райондук №74 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу тартылып, жабыркаган адамга биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Тез жардам кызматкерлери жабыркаган адамды Лейлек райондук ооруканага жеткиришкен.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here