2019-жылдын 22-майы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
97 просмотров

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба-ырайы күтүлөт!

 Кыргызстандын аймагында 22-23-майда туруксуз аба-ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир тоолуу райондордо жана  тоо этектеринде мөндүр жаашынын ыктымалы бар. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба-ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2019-жылдын 22-23-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Ошол себептен, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2019-жылдын 20-май күнү КР ӨКМнин телефонограммалары чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

22-май күнү өлкө аймагында күтүлгөн аба-ырайы

 Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде мөндүр жаашынын ыктымалы бар. Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Баткен облусу

Лейлек району. Лейлек айыл аймагы. 2019-жылдын 17-май күнү саат 16:40 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен кокту колоттордон келген шагыл аралаш сел суулары Ак-Терек айылындагы ички чарбалык унаа жолунун 15 чакырым аралыгын жана 3 чакырым ички чарбалык арыктарын кум шагылдарга толтурган. Селден жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Кырсыктын кесепетин жоюуга Лейлек айыл аймагынан 1 экскаватор тартылып, 21-май күнү ички чарбалык унаа жолунун 10 чакырым аралыгы шагылдан тазаланып, жумуш аяктаган. Селдин кесепеттерин жоюу иш-чаралары 22-май күнү улантылат.

 Лейлек району. Бешкент айыл аймагы. 2019-жылдын 19-май күнү болжол менен саат 16:08 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен, Бешкент айылынын Шоро тилкесин жана Лайлы айылын аралап өткөн сел өтүүчү каналдан суу ашып, ички чарбалык арыктарды шагылга толтурган.

Маргун айыл аймагы. Катуу жааган жамгырдын кесепетинен ички чарбалык арыктардын 3 чакырым аралыгын сел каптаган.

Турак үйлөргө жана чарбалык курулуштарга коркунуч келтирилген эмес.

Кырсыкиын кесепетин жоюуга Бешкент айыл аймагынан 1 экскаватор жана жергиликтүү тургундардан 60 адам, ошондой эле Маргун айыл аймагынан 2 жүктөгүч, жеке менчик 2 жүктөгүч, жергиликтүү тургундардан 100 адам тартылган.

21-май күнү тартылган техникалардын жардамында Бешкент жана Маргун айыл аймактарынын ички чарбалык арыктарын тазалоо иш чаралары жүргүзүлгөн. Тазалоо иш-чаралары 22-май күнү улантылат.

2019-жылдын 21-майы саат 08:00дөн 22-май саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Сутка ичинде республиканын аймагында 4 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 4 бөлүм тартылган.

 

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Чүй облусу
1.     27-АӨКБ

1 б

 

1 10:10 10:21 10:27 10:40 11:50   Ысык-Ата району. Кант шаары, Чыгыш промзона жер тилкеси. Асфальт-бетон заводунун аймагында 5 тонналык резервуардын ичиндеги битум күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби: заттардын жана материалдардын өзүнөн-өзү күйүүсү. 1ствБ
2.     24-АӨКБ

1 б

 

1 05:25 05:27 05:33 05:40 06:03   Токмок шаары. 3-кичи району, жашылча жемиш базарынын аймагында жайгашкан, кароосуз калган кампанын ичинде 15 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
Жалал-Абад облусу
3.     70-ӨКБ

1 б

 

1 12:36 12:40 12:43 13:03 13:37   Аксы району. Кербен шаары, Токтогул көчөсү №46. Жалпы аянтты 24  чарчы метр  болгон турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 2ствБ
4.     55-ӨКБ

1 б

1 17:49 18:04 18:06 18:37 19:24   Ноокен району. Сакалды айылы, Маджакыпов Жумабай көчөсү №10. Турак үйдүн 15  чарчы метр  бөлмөсүнүн шыбы күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ

 

КР ӨКМнин Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болгон:

Бишкек шаары

 Свердлов району. 2019-жылдын 21-май күнү саат 01:31де КР ӨКМнин  №1 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Заречная көчөсүндө жайгашкан №2 үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

  Ысык-Көл облусу

 Каракол шаары.  2019-жылдын 21-май күнү саат 13:10 КР ӨКМнин №15 Аскерлештирилген өрт куткаруу кызматынын куткаруучулары Коенкөзов көчөсүндө жайгашкан №73 үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 Нарын облусу

 Нарын району. Миң-Булак айылындагы Он-Арча суусуна 2013-жылы туулган С.Н. аттуу кыз түшүп кеткен. 20-май күнү издөө иштерин улантуу максатында Нарын шаардык №16 Аскерлештирилен өрт-куткаруу бөлүгүнөн 21 куткаруучу, 4 суучул жана жергиликтүү тургундардан 40 адам тартылып, издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн,бирок табылган эмес. 22-май күнү издөө иштери улантылат.

 КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here