23-27-майда Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

0
139 просмотров

    23-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде мөндүр жаашынын ыктымалы бар. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

23-майда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.  Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына   4-9 метрден, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

24-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет.

 25-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

26-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

26-майда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

 27-майда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

28-29-майда Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайынын жакындатылган болжолдоосу

 

28-29-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт.

23-25-майда Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы

 

23-майда түнкүсүн жаан жаашы күтүлөт.

23-майда күндүз жана 24-майда жаан-чачын күтүлбөйт.

25-майда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

 

23-25-майда Ош шаарында күтүлгөн аба-ырайы

23-майда түнкүсүн жаан жаашы күтүлөт.

23-майда күндүз жана 24-майда жаан-чачын күтүлбөйт.

25-майда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чеийн жетет.

 

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here