Облустардын жана райондордун эвакуациялык комиссияларынын төрагаларын окутуу жүргүзүлүүдө

0
413 просмотров

2019-жылдын 22-май күнү КР ӨКМнин Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борбору тарабынан облустардын жана райондордун эвакуациялык комиссияларынын төрагаларын окутуу жүргүзүлдү.

Окутуунун максаты — Жарандык коргонуу иш-чараларын уюштуруудагы угуучулардын билим деңгээлин жогорулатуу жана кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иш-чаралардын тартибин угуучуларга жеткирүү.

Окуулар министрликтин облустардагы жана Бишкек, Ош шаарларындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборлорунун ситуациялык залдарында  онлайн режимде жүргүзүлүп, жалпы 53 кызмат адамы катышты. Окуунун жүрүшүндө угуучуларга Жарандык коргонуу боюнча мыйзамдык жана укуктук-ченемдик базалар, Жарандык коргонууну уюштуруу жана жүргүзүү, эвакуация иш-чараларын жүргүзүү тартиби боюнча методикалык сабактар өткөрүлдү.

Аталган окуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри – Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу башчысы тарабынан 2019-жылга бекитилген КР ӨКМдин алдындагы Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун комплекттөө планынын негизинде уюштурулду.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы         

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here