2019-жылдын 23-майы саат 08:00гө карата  Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
115 просмотров

Шашылыш билдирүү 

 Кыргызстандын аймагында 23-май күнү туруксуз аба-ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир тоолуу райондордо жана  тоо этектеринде мөндүр жаашынын ыктымалы бар. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба-ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2019-жылдын 23-май күнү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Ошол себептен, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2019-жылдын 20-май күнү КР ӨКМнин телефонограммалары чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

23-май күнү өлкө аймагында күтүлгөн аба-ырайы

 Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ал эми калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ош облусу

Ноокат району. 2019-жылдын 22-май күнү саат 17:30 чамасында Н.Исанов айыл аймагында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту колоттордон сел жүрүп, Тескей-Кожоке айылында 55 турак үйдүн короолорун(огород) каптаган, 12 чакырым ички чарбалык жолду жана 8 га эгин талааларын зыянга учураткан.

Кеңеш айыл аймагы. Катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту колоттордон сел жүрүп, Арбын айылында 11 турак үйдүн огороддорун жана 1,6 чакырым ички чарбалык жолду каптаган. Турак үйлөргө зыян келтирилген эмес.

Жерине  КР ӨКМнин Ноокат райондук бөлүмүн башчысы жана Жарандык коргонуу комиссиясы тартылып, тактоо иш чараларын жүргүзүшкөн. 23-май күнү тактоо иш-чаралары улантылат.

Баткен облусу

Лейлек району. Лейлек айыл аймагы. 2019-жылдын 17-май күнү саат 16:40 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен кокту колоттордон келген шагыл аралаш сел суулары Ак-Терек айылында ички чарбалык унаа жолунун 15 чакырым аралыгын жана 3 чакырым ички чарбалык арыктарын кум шагылдарга толтурган. Селден жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Кырсыктын кесепетин жоюуга Лейлек айыл аймагына 1 экскаватор жана 120 адам тартылган.

22-май күнү ички чарбалык унаа жолунун 15 чакырым аралыгы жана 3 чакырым ички  чарбалык арыктарын кум шагылдан тазаланып, жумуш аяктаган.

 Лейлек району. Бешкент айыл аймагы. 2019-жылдын 19-май күнү болжол менен саат 16:08 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен, Бешкент айылынын Шоро тилкесин жана Лайлы айылын аралап өткөн сел өтүүчү каналдан суу ашып, ички чарбалык арыктарды каптап, шагылга толтурган.

Маргун айыл аймагы. Катуу жааган жамгырдын кесепетинен ички чарбалык арыктардын 3 чакырым аралыгын сел каптаган.

Турак үйлөргө жана чарбалык курулуштарга коркунуч келтирилген эмес.

Кырсыктын кесепетин жоюуга Бешкент айыл аймагынан 1 экскаватор жана жергиликтүү тургундардан 35 адам, ошондой эле Маргун айыл аймагынан жеке менчик 2 жүктөгүч жана жергиликтүү тургундардан 80 адам тартылган.

21-май күнү тартылган техникалардын жардамында Бешкент жана Маргун айыл аймактарынын ички чарбалык арыктарын тазалоо иш чаралары жүргүзүлүп, жумуш аяктаган.

2019-жылдын 22-майы саат 08:00дөн 23-май саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 13 бөлүм тартылган.

 

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
     1.            8-АӨКБ

1 б

4-АӨКБ

1 б

1 13:36

 

13:52

13:46

 

14:00

14:09 15:50 16:25

 

14:58

  Биринчи Май району.  Ю. Фучик көчөсү, №9, Жыгач устундуу шифер жана темир жабылган аянты 50 чарчы метр темир ээритүүчү цехтин чатыры  күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
     2.            3-АӨКБ

1 б

1 19:34 19:41 жеткенге чейин 20:10   Свердлов району. Ж.Жолу жана Буденов көчөлөрүнүн кесилишинде “Фольцваген Венто” үлгүсүндөгү автоунаадан чыккан өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.
Ош облусу
     3.            25-АӨКБ

1 б

1 б

1 14:40

 

14:47

14:45

 

14:56

15:10 16:27 15:50

 

16:20

  Кара-Суу району. Сарай айыл аймагы, Эркин айылы, Манас көчөсү №13. Жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 108 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 2ствБ
     4.            103-ӨКБ

1 б

1 14:45 15:04 жеткенге чейин 15:42   Өзгөн району. Кароол айыл аймагы, Мырза-Арык айылы, Асыранов көчөсүндө жайгашкан көмөк чордондон чыккан өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.
Чүй облусу
     5.            6-АӨКБ

1 б

1 07:30 жеткенге чейин 07:50   Сокулук району. Кашка-Баш айылы, 7 көчөсү. Турак үйдөн чыккан өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.
     6.            7-АӨКБ

1 б

5-АӨКБ

А\Ш

1 15:45

 

15:47

16:05

 

16:06

жеткенге чейин 17:12

 

 

16:40

  Аламүдүн району. Лебединовка айылы, Зеленое көчөсү №1Б, 31-батирдин ашкана бөлмөсүндө желдеткич түтөгөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.
     7.            15-ӨКБ

1 б

1 18:10 18:20 18:23 18:45 19:30   Москва району. Белаводск айылы. Киров көчөсү, №32. Сыра чыгаруучу заводтун аймагында болжол менен 40 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
     8.            23-АӨКБ

1 б

6-АӨКБ

1 б

1 22:00

 

22:05

22:22

 

22:22

22:50 01:15 01:50

 

01:52

  Сокулук району. Күн-Туу айылы, Иманалиева көчөсү №31. Жалпы аянты 150 чарчы метр турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 2ствБ
Жалал-Абад облусу
     9.            20-АӨКБ

1 б

1 08:18 08:20 08:24 08:25 08:48   Жалал-Абад шаары. А. Пушкин көчөсү №70. “Ауди 80” үлгүсүндөгү жеңил унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби такталууда. 1ствБ
Талас облусу
10.            17-АӨКБ

1 б

1 01:11  01:14 жеткенге чейин 01:28   Талас шаары. Манас көчөсү, Базарда күйгөн таштанды бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.

КР ӨКМнин  Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болгон:

Ош шаары

 2019-жылдын 22-май күнү саат 21:25де Озгур айылындагы Увам каналына “Тико” үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен, кырсык болгон жерге КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, унаадагы айдоочусун (1968-жылы туулган А.Р.) суудан чыгарып,  тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

2019-жылдын 22-май күнү саат 23:39да КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Кулатов көчөсүндө жайгашкан №22 үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Чүй облусу

 Токмок шаары. 2019-жылдын 22-май күнү саат 04:01де КР ӨКМнин №24 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары 3-кичи районундагы №39 үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 Нарын облусу

 Нарын району. Миң-Булак айылындагы Он-Арча суусуна 2013-жылы туулган С.Н. аттуу кыз түшүп кеткен. 22-май күнү издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнин  Нарын шаардык №16 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 10 куткаруучу, 3 суучул жана жергиликтүү тургундардан 40 адам тартылып, издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн, бирок табылган жок. Издөо иштери  23-май күнү улантылат.

 КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here