Ноокат районундагы М.Гапаров атындагы жатак гимназиясында өрттүк-тактикалык машыгуу өткөрүлдү

0
103 просмотров

2019-жылдын 22-майында КР ӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгынын Ноокат райондук Өзгөчө ырдаалдар бөлүмү тарабынан  Гулистан айылындагы М.Гапаров атындагы жатак гимназиясында өрттүк-тактикалык машыгуу өткөрүлдү.

Машыгуунун максаты өрт кырсыгынын алдын алуу, калк арасында өрт коорсуздугунун эрежелерин кенири жайылтуу, өспүрүмдөрдүн жана жаш балдардын от менен ойноосуна жол бербөө багытындагы иштерди күчөтүү болуп саналат.

Өрттук-тактикалык машыгууга КР ӨКМнин Ноокат райондук бөлүмүнүн өздүк курамы, Ноокат-Араван райондору боюнча экологиялык коопсуздук инспекциясы, райондук ИИБмү, тез жардам кызматы, Ноокат РЭТ кызматкерлери катышышты.

 Машыгуунун жүрүшүндө гимназиянын 1-кабатында өрт чыккан учурда өрт өчүрүү  жана окуучуларды коопсуз жайга туура эвакуациялоо жолдору практика жүзүндө көсөтүлдү. Мектептин 2-кабатынан жабырлануучуну алып түшүп тез жардам кызматкерлерне өткөрүлүп берилди.

Жыйыныгында катышуучуларга өрт кырсыгын алдын алуу боюнча кенири маалыматтар берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

КР ӨКМнин басма сөз кызмат

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here