Сууда сүзүүдө өзүн-өзү алып жүрүү эрежелерине көңүл буруңүз

0
123 просмотров

КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын райондук жана шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан мектеп окуучуларына сууга түшүү эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүдө.

ӨКМдин кызматкерлери сууга түшүү эрежелерин айтууда чектелбестен, чөккөн адамга алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча үйрөтүлдү.

Ошондой эле, Жалал-Абад облусунун аймагында сууга түшүүгө мүмкүн эмес жерлерде, каналдарда, көлмөлөрдө, суу сактагычтардын жээктерине Базар-Коргон районунун Кайырма көлүндө жана Ноокен районундагы “Бачок” учасколорунда “Сууга түшүүгө тыюу салынат” эскертүү белгилери илинди.

Токтогул районунун жана Таш-Көмүр, Кара-Көл шаарларындагы орто окуу жайларда жалпы 1561 окуучуга сууга түшүү эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жайкы сууга түшүү мезгилинде ӨКМдеги адистердин эскертмелери!!!!

Эсиңиздерде болсун!

  • сууга уруксаат кылынган жайда гана чоңдордун көзөмөлүндө түшүү керек;
  • тааныш эмес, балыры көп, алыс жерлерге чейин барууга тыюу салынат;
  • кайыктын, катамарандын артынан кубалап, асылууга, жабышууга болбойт;
  • күн бүркөктө же катуу шамал башталганда сууга түшүүгө болбойт;
  • үйлөмө матрастарда, жаздыкчаларда, дөңгөлөктүн камерасында сүзүүгө болбойт, ал жарылып кетсе, адам кокусунан терең жерге түшүп кетет, бул сүзгөндү жакшы билгендер үчүн да коркунучтуу;
  • көпүрөлөрдөн, тосмолордон, кеме токтоочу жайлардан, кайыктан жана катерлерден сууга секируугө болбойт.

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here