2019-жылдын 24-майы    саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
62 просмотров

Шашылыш билдирүү !

Кыргызстандын аймагында 2019-жылдын 25-26-май күндөрү туруксуз аба-ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир тоолуу райондордо жана  тоо этектеринде мөндүр жаашынын ыктымалы бар. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2019-жылдын 25-26-майларда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга  байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Ошол себептен, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

Аткарылган иш-чаралар: Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2019-жылдын 23-май күнү телефонограммалары чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

 24-май күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облсутарынын тоо этектеринде  жана  тоолуу райондорунда, Нарын облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.  Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы  4-9 м/с. Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө 23…28°, Талас өрөөнүндө 21…26°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 22…27°, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 18…23°, тоолуу райондордо 4…9° жылуу болушу күтүлөт. 

2019-жылдын 23-майы саат 08:00дөн 24-май саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

 Сутка ичинде республиканын аймагында 2 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 4 бөлүм тартылган. Куткаруу кызматтары тарабынан 6 чыгуу болгон.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги,маалыматы,өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
1.       5-АӨКБ

1 б

1 б

1  

22:53

 22:53

 

23:03

 23:03

 

23:11

 

00:04

 

00:58

00:18

 

 

Биринчи Май району.Ж.Бөкөнбаев жана Н.Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде жыгач устундуу шифер жабылган түрак үйдүн 70 ч.м. чатыры жана үй эмеректери күйгөн. Өрттүн себеби такталууда 2 ствБ
Жалал-Абад облусу
2.       94-ӨКБ

1 б

1 б

1  

03:24

 03:42

 

03:34

03:52

 

03:57

 

05:25

 

07:0805:54

 

 

 

Кара-Көл шаары.Жээн-Кыштоо айылында жайгашкан имараттын жыгач устундуу тунике жабылган 310 ч.м. чатыры жана аянты 100 ч.м. 4 бөлмө толугу менен күйгөн.Өрттүн себеби такталууда 4ствБ

Бишкек шаары , Свердлов району. Куткаруучулар Жибек-Жолу көчөсүндө жайгашкан №491 үйдүн  батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен. 4 куткаруучу тартылган. 

Ош шаары. Куткаруучулар Ленин көчөсүндө даракка илинип калган дронду түшүрүп беришкен. 4 куткаруучу тартылган.

Ош шаары. Куткаруучулар Салиева көчөсүндө жайгашкан №54 үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен. 4 куткаруучу тартылган. 

Баткен облусу, Сүлүктү шаары. Куткаруучулар ЖЧК “Ж. Айтматов» шахтасынын газ чыккан жерине тосмо орнотуп беришкен. 7 куткаруучу тартылган.

Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району. Бостери айылында 30-35-жаштагы Ө. Ж. аттуу эркек киши көлгө чөгүп кеткен. Куткаруучулар маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.  4 куткаруучу тартылган. 

Нарын облусу Нарын району. Миң-Булак айылы. 17-май күнү Он-Арча суусуна 2013-ж.т. С.Н. аттуу кыз түшүп кеткен. 23-май күнү издөө иштери уланган, натыйжа  болбогондуктан саат 18:00дө издөөиштери убактылуу токтотулган. Издөө иштери 23-май күнү улантылат.

КР ӨКМдин басма сөз кызматы  

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here