Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун бүгүнкү иш-чара боюнча куттуктоо сөзү: 

0
90 просмотров

«Урматтуу мекендештер!
Бүгүн, 24-май күнү Жалал-Абад шаарында жакшы саамалык орун алып–алдыңкы эр азаматтарды сыйлоо аземи болду. Жеке өзүмдүн жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атынан 10-май күнү Жалал-Абад шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү заводтон чыккан өрттү өчүрүүгө катышкан эр азаматтарга терең ыраазычылык билдирем.
Тилсиз жоону жоюуда эр жүрөктүүлүк жана билгичтигиңер менен командада бир дем менен иштеп, өрттүн андан ары өрчүп кетишинин алдын алып, жакын жайгашкан калктуу конушту кырсыктан сактап калдыныздар. Мындай аракетиңиздер менен мекенге болгон милдетти аткаруунун үлгүсүн көрсөтө алдыңыздар.
Ооба, өрттү өчүрүүдө мүчүлүштүктөр чыкты – техникалык базанын эскилиги да иштин ыкчамдыгын басаңдатып, заводто өрт коопсуздугунун эрежелеринин сакталбагандыгы да жумушту оорлотту. Кыйынчылыктарга карабастан, Сизде талыкпаган аракетиңер менен ички ишеним жана командалык духту көрсөтө алдыңар.Техногендик өзгөчө кырдаал учурунда ашыкча жоготууларсыз, негизгиси адам өмүрүнө коркунуч келтирбестен өрттү өчүрүп калуу чоң эрдик. Көрсөткөн аракетиңерге коомчулук жылуу пикир айтып, колдоп жатышты. Сиздердин эрдигиңер татыктуу бааланышы керек деп эсептеймин.
Чыныгы дос караңгыда жаркырап чыгып келчү жылдызга окшош деген элибизде жакшы сөз бар. Мен сиздерди калктын башына кара күн түшкөндө өз өмүрүн тобокелге салып жардамын аябаган элдин чыныгы досу деп билем.Баарыңыздарга бакубат жашоо жана үй-бүлөлүк бакыт каалайм. Калкыбыз бөөдө кырсыктан алыс болсун», — министр Н.С.Мирзахмедов.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here